ЕАӨБ айыл чарба тармагын колдоого Айыл Банк аркылуу 8 млн долларлык кредиттик линия ачат

ЕАӨБ айыл чарба тармагын колдоого Айыл Банк аркылуу 8 млн долларлык кредиттик линия ачат

Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) агроөнөр жай комплексин колдоо үчүн Айыл банк аркылуу 8 млн долларлык кредиттик линия ачат. Бул тууралуу аталган банктын маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү макулдашууга кечээ, 26-майда Евразиялык экономикалык форумдун алкагында кол коюлган. Белгиленгендей, долбоордо карыз алуучу кардарга максаттуу кредиттик линияны ачуу каралган.

«Долбоордун максаты – агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү. Агроөнөр жай сектору КРнын экономикасында олуттуу роль ойнойт жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосунда жаңы соода мамилелерин жана товарларды жеткирүү чынжырларын курууда чоң экспорттук потенциалга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ.

Долбоорду ишке ашыруу айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө да, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканаларга да колдоо көрсөтөт деп күтөбүз. Ошондой эле экономикада өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана салык төлөмдөрүн көбөйтүү аркылуу экономикалык өсүштүн максаттарына жетишүүгө салым кошору күтүлүүдө», – деди ЕӨБ башкармалыгынын төрагасы Николай Подгузов.

2014-2017 жана 2018-жылдары КРдагы кичи жана орто бизнести колдоо программасынын алкагында «Айыл Банкка» жалпысынан 20 млн долларлык кредиттик линиялар берилген.

Мындан тышкары окуңуз

"Каракол" аэропорту биринчи жолу Airbus A320 учагын кабыл алды

"Каракол" аэропорту биринчи жолу Airbus A320 учагын кабыл алды

Бүгүн "Каракол" эл аралык аэропортунда учуп-конуу тилкесин масштабдуу реконструкциялоо иштери аяктагандан кийинки алгачкы техникалык каттам аткарылды. Аэропорттун тарыхында биринчи жолу магистралдык класстагы Airbus A320 аба кемеси кабыл алынды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Техникалык каттам жаңыланган аэродром инфраструктурасынын ири учактарды кабыл

Кыргызстанда дан эгиндерин оруп-жыюуга 1459 комбайн тартылды

Кыргызстанда дан эгиндерин оруп-жыюуга 1459 комбайн тартылды

Кыргызстанда дан эгиндерин оруп-жыюу өнөктүгүнө жалпы 1459 комбайн тартылды. Техникалар түшүмдүн бышып жетилүү мөөнөтүнө жараша аймактарга бөлүштүрүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Чүй облусундагы оруп-жыюу иштерине Ысык-Көл жана Нарын облустарынан 100дөн ашык дан комбайны тартылган. Учурда облуста оруп-жыюу

Баткенде мектеп ачуу жана автобекетти ишке берүү боюнча маселелер каралды

Баткенде мектеп ачуу жана автобекетти ишке берүү боюнча маселелер каралды

Баткен шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы өттү. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, сессияга шаардык кеңештин төрагасы Алтынбек Аширов, Баткен шаарынын мэринин орун басары Алихан Ураимов, депутаттар жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Күн тартибинде Баткен шаарынын Чет-Булак кварталынын Аэропорт тилкесинде Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин каржылоосу

Бишкектеги 3 автобустун каттамы убактылуу өзгөрөт

Бишкектеги 3 автобустун каттамы убактылуу өзгөрөт

Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгүнүн убактылуу жабылышына байланыштуу №23, №107 жана №203 автобустарынын каттамдарынын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлөт. Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматына ылайык, жаңы кыймыл чиймеси оңдоо иштери толук аяктаганга чейин күчүндө болот. Билдирүүгө караганда, жолдогу чектөөлөр 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында жылуулук тармактарын