Кыргызстан менен Казакстандын компаниялары 1.5 млн долларлык келишимдерге кол коюшту
Кечээ, 26-майда Бишкекте кыргыз-казак ишкерлер кеңешинин экинчи жыйыны өтүп, анын алкагында эки тарап 1.5 млн доллардан ашык суммадагы келишимдерге кол коюшканын КРнын Соода-өнөр жай палатасы билдирди.
Төмөнкү келишимдерге кол коюлду:
- «Kelum-KazPharm» ЖЧШ (РК) жана «BMG Pharm» ЖЧК — медициналык буюмдарды жеткирүү, 350 миң доллар
- «Салем Кус» ЖЧШ (РК) жана «Кыргызский соколиный центр Мураз» ЖЧК — канаттууларды жеткирүү, 460 миң доллар
- «Элтекс Алатау» ЖЧШ (РК) жана «ЛОКТЕХНО» ЖЧК — кызматташуу меморандуму, жабдууларды жеткирүү, 300 миң доллар
- «Free Mark» ЖЧШ (РК) жана «АгроЛогистикГрупп» ЖЧК — жумуртка кесмесин өндүрүү, 400 миң доллар
- «Alpine Club» (РК) бейөкмөт уюму жана Кыргызстандын туроператорлор ассоциациясы — туризм тармагында өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө келишим түзгөн.
Белгиленгендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар туризм жана жеңил өнөр жай тармагындагы бир катар ири инвестициялык долбоорлорду, кыргыз-казак чек арасында өнөр жай соода-логистикалык комплексин куруу маселелерин талкуулашты.