«Альянс Алтын» 700дөн ашуун адамды кызматка орноштурду - алардын жарымынан көбү Талас облусунан
Май айына карата Жерүй алтын кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» компаниясында 707 адам эмгектенет. Бул тууралуу компаниянын баяндамасында билдирилет.
Кызматка орноштурулган 707 адамдын ичинен:
Мындан тышкары, компания жумушчуларын окутуп, кийин аларды кызматка алат. Май айында Талас облусу боюнча жалпы жолунан 361 адам окутулду, алардын ичинен:
Тандоо комиссиясынын ишинин жыйынтыгы боюнча, жогоруда айтылган окуудан өткөн адамдардын арасынан акыркы айдын ичинде 201 адам «Альянс Алтын» ЖЧКсына кызматка орноштурулду.
Эске салсак, «Альянс Алтын» ЖЧКсы салыктар боюнча республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге 6.5 млрд сом төктү, анын ичинде алтын сатуудан түшкөн кирешеден – 4 млрд сом төлөндү.


