Быйыл I кварталда камсыздандыруу компаниялары 17%га аз келишим түзүштү
2022-жылдын 1-апрелине карата камсыздандыруу компаниялары тарабынан 61 миңге жакын камсыздандыруу келишими түзүлдү, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 17%га аз. Мындай маалыматты Улутстатком берди.
Үстүбүздөгү жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча камсыздандыруу компаниялары тарабынан 40.5 млн сом сальдолоштурулган пайда алынган.
Мында түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын ичинен 89% жеке жактар менен түзүлгөн келишимдерге туура келген. Ыктыярдуу камсыздандыруу үлүшүнө түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын 67% туура келди.
«Камсыздандыруу компанияларынын чыгымдары бул мезгил ичинде 1.5 эсеге көбөйдү жана ал 497.2 млн сомду түздү. Мында жалпы чыгымдардын суммасынын 44% кайра камсыздандырууга берилген камсыздандыруу төгүмдөрүнө (сый акыларга) кеткен чыгымдарга жана 22% – ишти жүргүзүүгө кеткен чыгымдарга туура келди», – деп айтылат маалыматта.
2022-жылдын I кварталында республиканын экономикасынын финансы секторунда 14 камсыздандыруу компаниялары ишмердигин жүргүзүштү.
Алардын кирешелери 2021-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 29.8% көбөйдү жана 537.7 млн сомду түздү. Муну менен бирге, кирешелердин негизги көлөмү (анын жалпы суммасынын 93% жакыны) келип түшкөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен алынды.
