Криптовалюта деген эмне? – Илья Варламов

Криптовалюта деген эмне? – Илья Варламов

24-февралдан тартып Россияда доллар менен евро сатып алууга жана аларды өлкөдөн чыгарууга чектөөлөр киргизилген. Эми болсо банктар валюталык счёт кармоого комиссия киргизип жатат. Өлкөдөн чектөөсүз акча чыгаруунун бир түрү – бул криптовалюта, дейт блогер жана журналист Илья Варламов бүгүнкү чыгарган видеосунда.

«Жөнөкөй акчадан айырмаланып, криптовалютанын материалдык формасы жок, алтын же башка баалуу материал менен бекемделген эмес. Чындыгында, бул жөн гана блокчейнде жазылган сан. Анын баасы криптовалюталык рыноктун бардык мүчөлөрүнүн макулдашуусу менен гана камсыздалган. Башкача айтканда, 1 даана криптовалюта канчага бааланары жөнүндө баары макулдашып гана чечип коюшат. Жөнөкөй акчадан айырмалаган эң негизги өзгөчөлүгү – бул түздөн-түз башка адамга өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү. Кагаз акчаны да түздөн-түз бирөөгө берсе болот дечи, бирок азыркы заманда эч ким баштыкка толтура акча көтөрүп жүрбөйт. Ал эми алыстагы адамга банк сыяктуу ортомчусуз акча жөнөтүү мүмкүн эмес. Банк болсо ортодон комиссия алат, документтерди сурайт, акча которууңузду бербей да коё алат. Дүкөндөрдө сиз карта менен албетте, комиссиясыз төлөй аласыз, бирок ал комиссияны же дүкөн төлөйт, же сиз сатып алган товарлардын баасына эбак киргизилген. Демек, сиз баары бир банктын комиссиясын төлөйсүз.

Криптовалюта менен болсо, эч кандай ортомчу кереги жок. Операциялар блокчейндин өзү аркылуу жүрө берет. Каражатты дүйнөнүн кайсы жеринде болсо да, түздөн-түз башка адамга өткөрүп берсе болот. Бул убакытты жана акчаны үнөмдөйт, ошондой эле ыңгайлуу. Дагы бир артыкчылыгы – бул көзөмөлдөнбөгөн төлөмдөрдү жүргүзүү. Мамлекет эч кандай түрдө сиздин криптовалюта түрүндөгү каражатыңызды контролдой албайт, айрым өлкөлөргө которууларга тыюу сала албайт. Анткен “крипто” деген сөз грек тилинен “жашырын”, “сырдуу” деп которулат», – деп түшүндүрөт блогер.

Чындыгында криптовалюта, биткоин деген сөздөрдү көп укканыбыз менен, ал эмне экенин түшүнө бербейбиз. Ал эми бул алыскы келечек эмес, азыркы учурга байланыштуу нерселер. Алтын, күмүш тыйындардан акча кагазга, андан кийин электрондук төлөмдөргө өткөндөй эле, акчанын бул түрү жөнүндө да билип алуу зарыл.

Криптовалютанын түрлөрү көп, бирок алардын баары блокчейн технологиясына негизделип, бир принцип менен иштейт. Чыныгы акчаны криптовалютанын кайсы бир түрүнө өткөрүүдөн мурда, анын тарыхын интернеттен изилдөө керек.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде тынчтыкты жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштерине багытталган профилактикалык иш-чараларды өткөрүшүүдө. Шаардык милициянын маалыматына ылайык, иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери борбор калаадагы бир катар түнкү жана көңүл ачуучу жайларга барып, алардын ээлери, администраторлору жана кызматкерлери менен

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Кыргызстанда уюлдук түзүлүштөрдү идентификациялоо боюнча жаңы талаптар 2025-жылдын август айынан тартып күчүнө кирген. Ушуга байланыштуу Бажы кызматы жарандарды смартфон сатып алууда анын расмий түрдө өлкөгө киргизилгенине жана каттоодон өткөнүнө көңүл бурууга чакырууда. Бул талаптардын негизги максаты — уюлдук түзүлүштөрдүн мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу, контрабандага бөгөт коюу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо.

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда төртүнчү деңгээлдеги автоматташтыруу системасы менен жабдылган “Ласточка” электр поездин сынай башташты. Сыноолор Москвадагы борбордук шакек темир жолунда (МЦК) өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу РИА-Новости маалымдады. Билдирүүгө караганда, жаңы технологиянын өзгөчөлүгү — поездди башкаруу үчүн анын ичинде машинисттин болушу талап кылынбайт. Поезд өз алдынча ылдамдап, тормоз басып, эшиктерди ачып-жабат. Анын

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

2026-жылдын 6-7-августунда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өткөн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өтту. Иш-чара Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында уюштурулуп, ага Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик органдарынын, бизнес ишканаларынын, өнүктүрүү институттарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Форумдун биринчи күнүнүн жыйынтыгында бир катар келишимдерге кол