Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Абылкаир Скаков менен жолугушту. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалым болгондой, жолугушууда эки өлкөнүн салык органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Анын ичинде салыктык башкаруу боюнча тажрыйба алмашуу, санариптик технологияларды киргизүү жана салык жол-жоболорун өркүндөтүү багыттарына өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча жумушчу консультацияларды өткөрүүнүн жана практикалык тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун соңунда кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана белгиленген багыттар боюнча диалогду улантуу боюнча макулдашылды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды

Кыргыз-казак соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды

Улуттук банк бир нече акча алмашуу жайына чара колдонуп, 1 жаранга айып пул салды

"Нарын" ЭЭЗда 4,3 млн сомдук бажы мыйзам бузуу аныкталды