Кыргыз-герман бизнес-форумуна 35 германиялык компания катышты

Кыргыз-герман бизнес-форумуна 35 германиялык компания катышты

Германиянын экономикасынын Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгү жана Германия экономикасынын Чыгыш комитети жетектеген 35 германиялык компаниянын делегациясы “Германия экономикасынын күндөрү” бизнес-форумуна катышты. Бул тууралуу инвестиция агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын бизнес өкүлдөрү иш-чара учурунда да, эки тараптуу B2B жолугушууларда да германиялык компанияларга бизнес-долбоорлор, товарлар жана кызматтар жөнүндө кабар беришип, кардар базасын кеңейтип, келечекте биргелешкен бизнес-долбоорлорду түптөй алышты.

Форумга SAP, Siemens Energy, Voith Hydro GmbH, Linde Gas, Veridos GmbH, CLAAS GmbH, Германиянын Агробизнес Альянсы, ThyssenKrupp, Knauf International GmbH жана башка көптөгөн компаниялар катышты.

Бүгүн ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин биринчи жыйыны өтөт.

Мындан тышкары окуңуз

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адам катары акшлык Илон Маск турат. Анын бүгүнкү күндө 957 млрд долларлык байлыгы бар. Илон Масктан кийинки экинчи бай адам катары акшлык Лари Пейдж эсептелет. Ларри Пейдж Google компаниясынын негиздөөчүсү жана мурдагы жетекчиси болуп саналат. Анын жалпы байлыгы 304 млрд долларды түзөт. 3-орунда 283 млрд доллар

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Баткен облусунун Зардалы айылында заманбап турак жайлар курулат. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасынан билдирди. Анын айтымында, мурда жетүүгө кыйын болгон аймактарда жашоо шарттарын жакшыртуу багытында иштер жүрүп жатат. Зардалы айылында акыркы жылдары электр энергиясы тартылып, уюлдук байланыш жана интернет ишке киргизилген, ошондой

КРдагы банктар 4 айда  9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРдагы банктар 4 айда 9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРнын Улуттук банкы өлкөнүн банк секторунун 2026-жылдын 30-апрелине карата өнүгүү тенденцияларын жарыялады. Ага ылайык, көрсөтүлгөн мезгилдин аралыгында 24 коммерциялык банк жана алардын 306 филиалы иштеп турган жана алардын тапкан таза кирешеси 9,5 млрд сомго жеткен. Улуттук банктын билдирүүсүнө караганда, банк системасынын жалпы активдери төрт ай ичинде 28,

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

24-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбордук Азиядагы өкүлү Махир Сафарли менен жолугушту. Маалыматка ылайык, жолугушууда Досматов Кыргызстан качкындардын укуктарын коргоо жаатында эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташып келерин белгилеп, Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосуна ыраазычылык билдирди.