Avelum Partner аталган белгисиз компанияга «Солтон-Сары» кенинин калдыктарын кайра иштетүү тапшырылды - рудникке Садыр Жапаров барды
Avelum Partner компаниясы «Кыргызалтын» ААКсына (мамлекеттик үлүшү 100%) тиешелүү болгон “Солтон-Сары” кенинин калдыктарын алтын өндүрүү үчүн кайра иштетмекчи. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда, президент Садыр Жапаровдун кенге болгон иш сапары учурунда белгилүү болду.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысы ишкананын негизги көрсөткүчтөрү, аткарылган тоо-кен иштеринин көлөмү, бюджетке төлөмдөр, ошондой эле өздөштүрүлгөн инвестициялардын көлөмү, Avelum Partner компаниясы тарабынан бөлүнүүгө пландалган кошумча каражаттар тууралуу маалымат менен таанышты.
Economist.kg-ге белгилүү болгондой, учурда “Алтын-Төр” участогунда «Солтон-Сары» кен ишканасы менен «Авелум Партнер» ЖЧКсы өнөктөштүк келишимдин негизинде комплекстүү иштерди жүргүзүүдө.
«Солтон-Сары» кенинин иштөө мөөнөтүн узартуу максатында 2021-жылдын 20-декабрында «Кыргызалтын» ААКсы менен «Авелум Партнер» ЖЧКсынын ортосунда жөнөкөй өнөктөштүк келишими түзүлгөн», — деп билдиришти Economist.kg басылмасынын булактары.
Бул келишимде “Солтон-Сары” кенинин “Алтын-Төр” участогунда техногендик түзүлүштөрдү (учурдагы калдык сактоочу жайлар жана иштетүүгө жараксыз тоо катмарлары) кайра иштетүү боюнча биргелешкен комплекстүү кызматташуу каралган.
Жаңы өнөктөштүктө “Кыргызалтындын” үлүшү 35% деп белгиленсе, “Avelum Partner” 65%дык үлүштү алган.
Белгилей кетсек, буга чейин бөлөк компаниянын катышуусу жана калдыктарды кайра иштетүү боюнча келишим түзүлгөнү тууралуу эч нерсе айтылган эмес. Өнөктөш тандоо боюнча сынак өткөрүлгөнбү же жокпу, белгисиз. Avelum Partner мурда кен иштеп чыгуучу компания катары эч жерде эскерилген эмес.
Avelum Partner жөнүндө эмне белгилүү?
Avelum Partner ЖЧК 2020-жылдын 1-июнунда катталып, 2022-жылдын 8-февралында кайра катталган.
Негизги иши: түрдүү минералдык сырьё жана курулуш таштарын казып алуу боюнча кызматтарды көрсөтүү.
Коомдун уюштуруучулары болуп эки юридикалык жана эки жеке жак саналат:
- Хира Инфра-Тек Лимитед
- МЕД ЭДУ КЕЙР МАРКЕТИНГ МЕНЕДЖМЕНТ
- Акбергенов Искандер Абылкеримович
- Акматова Аида Абасовна
Ишкананын директору – Матеев Канатбек Курбангалиевич.
OsOO.kg порталынын ачыкталган маалыматына ылайык, 2021 жана 2022-жылдары уюштуруучулар алмашкан. Ага чейин компаниянын ээлеринин катарына: «Индо-Кыргыз Инвестмент Групп» ЖЧК, Ядав Сунил, Рацлав Марина Александровна жана Миндубаев Ренат Муратович кирген.
Ушул жылдын 8-февралына чейин директор болуп Марина Рацлав иштеген.
Директор жана уюштуруучулар алмашканга чейин компаниянын негизги ишмердүүлүгү “Дүң соода” болгон.
2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Avelum Partner ЖЧКсынан Кыргызстандын бюджетине төлөнгөн салык жана жыйымдар 28 миң сомду түзгөн. Быйылкы жылы чегерүүлөрдүн көлөмү 16.6 млн сомго чейин өскөн.











