"Кыргызфармация" дары-дармектерди, жабдыктарды сатып алууда 410 млн сом үнөмдөйт

"Кыргызфармация" дары-дармектерди, жабдыктарды сатып алууда 410 млн сом үнөмдөйт

2026-жылдын башынан тартып "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген тизмеге ылайык дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды борборлоштурулган тартипте сатып алып жатат.

Жалпысынан 30га жакын аталыштагы дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн сатып алуу каралууда. Бул модель ортомчуларды четтетүүгө, продукциянын эл аралык сапат стандарттарына, анын ичинде ДССУнун алдын ала тандоо шайкештигин камсыз кылууга, глобалдык сатып алуу механизмдерине катышуу аркылуу атаандаштыкка жөндөмдүү бааларды түзүүгө багытталган.

"Учурда келишимдерди түзүүгө даярдык иштери жүрүүдө. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, бул моделди ишке ашыруунун натыйжасында өткөн жылга салыштырмалуу бюджеттик каражаттардын болжол менен 410 млн сом үнөмдөлүшү күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, 2026-жылдагы сатып алуу саясаты дары-дармектердин баасын төмөндөтүүгө, сапатын жана жеткирүүлөрдүн туруктуулугун камсыз кылууга, ошондой эле мамлекеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Кашка-Сууда 127,9 млн долларлык тоо-туристтик кластер курулат

Кашка-Сууда 127,9 млн долларлык тоо-туристтик кластер курулат

27-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте "Baytik Mountain Resort" жыл бою иштей турган тоо-туристтик кластерин түзүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу үч тараптуу келишимге кол коюлду. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, документ Кыргызстанда Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун ачык акционердик коому, "Valmont Group&

Тамчылатып сугарууга 7 жылга чейин жеңилдетилген насыя берилет

Тамчылатып сугарууга 7 жылга чейин жеңилдетилген насыя берилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Мамлекеттик финансылык холдинг менен биргеликте дыйкан-фермерлерге сууну үнөмдөөчү сугат технологияларын киргизүү үчүн жеңилдетилген насыя берүү долбоорун ишке ашырууда. Ведомствонун маалыматына ылайык, долбоордун алкагында тамчылатып сугаруу системасын орнотуп, сугат суусун үнөмдүү пайдаланууну каалаган дыйкандар 2% менен насыя ала алышат. Бул

Ошто эттин баасын жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ошто эттин баасын жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ош шаардык мэриясы жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан уй жана кой этине коюлган баалар көзөмөлгө алынып, белгиленген баадан жогорулатпоо макулдашылды. Ош шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, эт саткан дүкөн ээлерине рейд жүргүзүлүп, түшүндүрүү иштери алып барылды. Мэриянын маалыматына караганда, мындан ары эт сатуучу жайларда баалар өзгөрбөйт. Кыргызстандын экономика, бизнес,

Ала-Бука – Кербен жолуна асфальт төшөлүүдө

Ала-Бука – Кербен жолуна асфальт төшөлүүдө

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Кербен автомобиль жолунда асфальт төшөө иштери кызуу уланууда. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымына караганда, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 7 чакырым тилкесин асфальттоо каралган. Учурда №17 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан иштер белгиленген графикке ылайык аткарылып, жолдун сапатын жакшыртуу жана кыймылдын