Парламент альтернативдик кызмат өтөө баалары боюнча мыйзам долбоорун II окууда кабыл алды

Парламент альтернативдик кызмат өтөө баалары боюнча мыйзам долбоорун II окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш  экинчи окууда "Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Салыктык эмес кирешелер кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодекске, “Жарандардын жалпы аскердик милдети, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” мыйзамына)" мыйзам долбоорун карап, кабыл алды.

Долбоордо аскердик эсепке алуу эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү каралган. Айып пулду 10 эсептик көрсөткүчтөн 100 эсептик көрсөткүчкө чейин (1000 сомдон 10 000 сомго чейин) көбөйтүү пландалып жатат.

Буга чейин Жогорку Кеңештин комитет жыйынында коргоо министринин биринчи орун басары Тариэль Отонбаев 22 жаштан 40 жашка чейинки мөөнөттүү аскердик кызмат өтөбөгөн жарандар, ошондой эле мобилизациялык резерв жыйымдарына катышуунун ордуна альтернативдик кызмат өтөөнү каалагандар үчүн акчалай төлөмдү 75 000 сомго чейин белгилөө сунушталып жатканын билдирген.

Мыйзам долбоорунда төмөнкү категориядагы жарандар үчүн да төлөмдөрдү көбөйтүү каралган:

  • 30 жашка чейинки, биринчи категориядагы запаска аскердик эсепте турган, жогорку билимдүү жана биринчи офицердик наамды алуу менен запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча мобилизациялык резерв жыйымдарынан өтүүнү каалаган аскер милдеттүүлөр — 700 эсептик көрсөткүчтөн (70 миң сом) 900 эсептик көрсөткүчкө (90 миң сом) чейин;
  • үй-бүлөлүк жагдайына байланыштуу чакырылган жарандар — 180 эсептик көрсөткүчтөн (18 миң сом) 250 эсептик көрсөткүчкө (25 миң сом) чейин;
  • ден соолугунун абалына байланыштуу чектөөлөр менен чакырылган жарандар — 250 эсептик көрсөткүчтөн (25 миң сом) 400 эсептик көрсөткүчкө (40 миң сом) чейин;
  • курал көтөрүүгө жана Куралдуу күчтөрдө кызмат өтөөгө жол бербеген ишенимди карманган катталган диний уюмдардын мүчөлөрү, ошондой эле коомго пайдалуу иштерди (кызмат өтөө мөөнөтү ичинде 48 саат) аткарууну каалаган жарандар — 250 эсептик көрсөткүчтөн (25 миң сом) 500 эсептик көрсөткүчкө (50 миң сом) чейин.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media