Бишкекте "акылдуу", Wi-Fi туташылган прожекторлор орнотулат

Бишкекте "акылдуу", Wi-Fi туташылган прожекторлор орнотулат

Бишкек шаарында заманбап жарыктандыруу технологиялары киргизилип жатат. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, Bishkek Park соода-оюн-зоок борборунун жанында инновациялык "акылдуу" прожекторлор орнотулуп жатат. Долбоор Project Vision AI компаниясынын демөөрчүлүгү менен ишке ашырылууда.

Орнотуу иштерин Бишкексвет муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жүргүзүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин сегиз "акылдуу" көчө прожектору орнотулду.

Бул прожекторлор архитектуралык жарыктандыруу, энергияны үнөмдөө жана санариптик инфраструктура функцияларын айкалыштырат. Алар кошумча сервистерди туташтырууга мүмкүнчүлүк берет. Прожекторлор күн панелдеринен, шамал генераторлорунан жана борборлоштурулган электр тармагынан иштей алат, бул алардын энергиялык натыйжалуулугун жана автономдуулугун камсыз кылат.

Ошондой эле Санариптик технологиялар борбору муниципалдык ишканасынын адистери Wi-Fi туташтырып, жасалма интеллект элементтери бар видеобайкоо камераларын орнотушууда. Алар кийин "Коопсуз шаар" системасына интеграцияланат. Мындан тышкары, электр унааларын кубаттоочу жайларды уюштуруу мүмкүнчүлүгү да каралган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте "Ырыс-Ордо" конгресс-борбору пайдаланууга берилди

Бишкекте "Ырыс-Ордо" конгресс-борбору пайдаланууга берилди

Президент Садыр Жапаров кечээ Бишкек шаарындагы "Ырыс-Ордо" мамлекеттик конгресс-борборунун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти. Мамлекет башчысы иш-чарада сөз сүйлөп, жаңы конгресс-борбор өлкөнүн өсүп жаткан мүмкүнчүлүгүн жана өнүгүүгө болгон умтулуусун чагылдырган заманбап Кыргызстандын жаңы символдорунун бири болорун белгиледи. Президенттин

Бишкек жана Оштун электр тармактарына заманбап эсептегичтер берилди

Бишкек жана Оштун электр тармактарына заманбап эсептегичтер берилди

Ош жана Бишкекке электр жарыгын автоматташтырылган коммерциялык эсепке алуу системасы үчүн жаңы жабдуулар алынды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Ош шаарына 35 976 даана бир фазалуу жана 6 800 даана үч фазалуу эсептегич, ошондой эле маалыматтарды чогултуу жана берүүчү 820 даана түзмөк жеткирилген. Борбор калаага

Токой кызматы Жаратылыш ресурстары министрлигинин карамагына өттү

Токой кызматы Жаратылыш ресурстары министрлигинин карамагына өттү

Токой кызматы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагынан чыгарылып, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине өткөрүлдү.  Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Кызмат менен кошо анын кызматкерлери, каржылоосу жана материалдык-техникалык базасы да жаңы министрликке өтөт. Эми Жаратылыш ресурстары министрлиги токойлорду сактоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу, токой кадастрын

Улуттук банк накталай рублге байланыштуу кырдаалга түшүндүрмө берди

Улуттук банк накталай рублге байланыштуу кырдаалга түшүндүрмө берди

Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн банктарында накталай орус рубли менен жүргүзүлгөн операцияларга коюлган талаптар күчөтүлүүдө. Бул көрүнүш Кыргызстанда да байкалып, валюта рыногунда рубль менен операция жүргүзгөндөр үчүн көйгөй жаратууда. Эл аралык ЖМКнын маалыматтарына таянсак, Казакстан менен Беларуста айрым банктар накталай рубль менен операциялар үчүн комиссияны 10–20%га чейин жогорулаткан.