ЭКӨУ Украинадагы согуштун Кыргызстанга тийгизген таасирин изилдеди - айыл чарбасы жана акча которуулар катуу жабыркады
Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму (ЭКӨУ) Украинадагы согуштун жана Россияга каршы санкциялардын Борбор Азия өлкөлөрүнүн, атап айтканда, Кыргызстандын экономикасына тийгизген макроэкономикалык таасири тууралуу изилдөө даярдады. Бул тууралуу Эл аралык ишкерлер кеңешинин (ЭИК) басма сөз кызматы билдирди.
Бул изилдөөнүн жыйынтыгы министрлер кабинетинин, Экономика министрлигинин, Финансы министрлигинин, Эмгек министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, инвестициялык агенттиктин, бизнес-ассоциациялардын жана жеке структуралардын өкүлдөрүнө көрсөтүлдү.
Катышуучулар мамлекеттик саясаттын биринчи көргөн чараларын, ошондой эле алдын ала сунуштарды талкуулашты. Баяндамачылар инвестиция, соода, банк системасы жана айыл чарбасындагы логистикалык каналдар сыяктуу тармактардагы абалды талдашты.
Изилдөөлөргө ылайык, Кыргызстандын айыл чарба тармагы катуу жабыркап, азык-түлүк коопсуздугуна таасир тийген.
Ошондой эле, ЭКӨУ өлкөгө акча которуулардын 33%га азайгандыгын белгиледи. Россияда 1 миллионго жакын жаран иштейт, алардын которгон акчалары өлкөгө которулган каражаттардын жалпы көлөмүнүн 80%ын түзөт. Ошондой эле, акча которуулар Кыргызстанда жакырчылыктын 34.6%дан (2006-ж.) 25.3%га чейин кыскарышына өбөлгө түзгөн. Бирок, азыркы шартта бул тенденция артка кетип, жакырчылыктын деңгээли кайра көтөрүлөт дешет адистер.
Кошумчалай кетсек, COVID-19 пандемиясынын, андан кийин Украинадагы согуштун терс таасиринен улам азык-түлүк баалары 2020-жылдын февраль айынан 2022-жылдын май айына чейин 70%га өскөн. Баалардын мындай кескин көтөрүлүшү Кыргызстанда буудайдын 90%ы Россия менен Казакстандан, 75% өсүмдүк майы Россиядан импорттолгондугуна байланыштуу. Күйүүчү майдын баалары да өскөн, эң жогорку баа 2022-жылдын февралында белгиленген.