Эмнеге Россияда доллар арзан?
Доллардын азыркы төмөндөшү – бул уникалдуу көрүнүш. Мунун себеби – экспорт менен импорттун ортосундагы болуп көрбөгөн дисбаланс, деп эсептейт helpdeskmedia.
Кыргыз сому рубль менен тыгыз байланышта болгондуктан, Россиянын финансы рыногундагы көрүнүштөр биздин өлкөгө таасирин тийгизип турат. Россияда доллардын арзандашы уникалдуу көрүнүш экенин адистер белгилешет. Буга күнөөлүү деп экспорт менен импорттун ортосундагы рекорддук дисбалансты айтса болот. Россия Европага товарларын жөнөтүп, ал үчүн валюта түрүндө төлөмдөрдү алганын улантып келет. Ал эми импорт кескин азайган – ошондуктан өлкө ичинде доллар кереги жок болуп калган. Мындай көрүнүш эч кимге жакпайт: өкмөттө бир доллар 70-80 рубль турган курсту ыңгайлуу деп аташат.
“Негизинен логикага таянсак, мындай жагдай көпкө чейин созулушу мүмкүн эмес, курс кайра көтөрүлө башташы керек. Бирок россиялык экономика рыноктун мыйзамдарына баш ийбейт, андыктан ар нерсени күтсө болот”, – деп эсептешет билгичтер.