Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда кредиттик тарых алмашуу боюнча келишимди ратификациялады
Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында 2021-жылдын 21-декабрында Москва шаарында кол коюлган “ЕАЭБ алкагында кредиттик тарыхка кирген маалыматтарды алмашуу тартиби жөнүндө макулдашууну” ратификациялоо чечимин кабыл алды.
Бул келишим ЕАЭБ өлкөлөрүнүн коммерциялык банктарына кардарлардын кредиттик тарыхын эркин алмашууга мүмкүндүк берет, демек, жарандар биримдиктин башка өлкөсүндө жүрүп, өз кредиттик тарыхын сурап, ала алышат.
Мындан тышкары, банктар башка мүчө-мамлекеттердин резиденттерине кредит берүү боюнча чечимдерди кабыл алууда тобокелдиктерди туура баалай алат.
Документ ошондой эле кредиттик тарыхка кирген маалыматтарды алмашуу механизмин, тартибин жана шарттарын белгилейт. Мындан тышкары, бул келишим кредиттик мамилелер түзүлүп жаткан учурда керектөөчүлөрдүн жана финансылык мекемелердин укуктарын, мыйзамдуу таламдарын коргоого жардам берип, финансы рыногун жөнгө салуучу органдардын ыйгарым укуктарын аныктайт.