Кыргызстандан 30 тонна кумшекерди мыйзамсыз алып чыгууга аракет жасалган
25-июнда «Чоң-Капка-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун чек арачылары Кыргызстандан мыйзамсыз жүк алып чыгуу аракетинин алдын алышты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы 24.kg-ге билдирген.
Өткөрүү пунктуна Казакстандын жараны айдаган жүк ташуучу «КамАЗ» келген. Ал чек арачыга “жер семирткичтер (селитра)” деп жазылган коштоочу документтерди көрсөткөн.
Чек арачылар унааны текшерүү учурунда эки катар селитра мүшөктүн артына катылган 30 тоннадай кумшекерди табышкан. Айдоочу жалган документ менен жүктү Кыргызстандан Казакстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.
Документ толтурулгандан кийин айдоочу жана жүк кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилди.
Эскерте кетсек, Россия кумшекерди экспорттоого тыюу салгандан кийин ал Казакстанда 90%га кымбаттаган.