Кыргызстандан көп накталай доллар ташылып жатат – Улуттук банк
Кыргызстандан накталай АКШ долларын ири көлөмдө алып чыгуу уланып, алардын тартыштыгын жаратууда. Бул тууралуу Улуттук банктын өкүлдөрү акча которууларды алуу боюнча жарандардан улам түшкөн арыздар жөнүндө комментарий берип жатып билдиришти.
Улуттук банк 18-апрелден тартып акча которууларды жүргүзүү эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилгенин эске салды. Эми эл аралык акча которуу системасы аркылуу алынган акча которууну Кыргызстандагы алуучуга берүү жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында же улуттук валюта – сом менен гана жүргүзүлүшү мүмкүн. Ошол эле учурда Улуттук банк акча которуулардын көлөмүнө эч кандай чектөө койгон эмес.
Россиядан жана Казакстандан доллар түрүндө (накталай эмес формада) акча которуу системалары аркылуу келип түшкөн каражаттар кескин көбөйгөндүктөн, жаңы эрежелер киргизилген эле.
«Кыргызстанга чет өлкө валютасын алып кирүүгө/алып чыгууга тыюу салынбагандыгын колдонушуп, алуучулар валюта түрүндө которулган акчаларды валюта түрүндө алышып, ири өлчөмдөгү накталай долларды өлкөнүн чегинен тышка ташып келишкен жана ташып жатышат, бул КР финансы рыногунда накталай АКШ долларынын жетишсиздигине алып келди», – деп билдирди Улуттук банк.