Саламаттыкты сактоо министрлиги ЕӨБ грантына 40 тез жардам унаасын сатып алат
Саламаттыкты сактоо министрлиги Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) 3 млн доллардык грантына 40 тез жардам унаасын сатып алат. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда, Социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында министрдин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди, деп маалымдайт 24.kg.
Анын айтымында, 2 млн долларга 50 миң доллардан 40 реанимобиль сатып алуу пландаштырылууда, алар калк жыш жайгашкан шаарларга бөлүнөт, ал эми линиялык транспорт тоолуу аймактарга жөнөтүлөт.
«Биз санитардык авиация кызматына 14 миң доллардан 70 унаа сатып алууга 1 млн доллар коротууну көздөп жатабыз. Тоолуу аймактарда жүрүүгө ыңгайлуу болгон бардык рельефтик машиналарды сатып алсак жакшы болот. Азыр тез жардам транспортунда 103 унаа бар, бизге 246 унаа керек», – деди Касымбеков.