Жумушсуздук, кымбатчылык, коррупция - кыргызстандыктар өлкөдөгү эң олуттуу көйгөйлөрдү аташты

Жумушсуздук, кымбатчылык, коррупция - кыргызстандыктар өлкөдөгү эң олуттуу көйгөйлөрдү аташты

Кыргызстандыктар өлкөнүн эң орчундуу көйгөйлөрүн аташты. Респонденттердин 66%ынын айтымында, негизги маселе жумушсуздук жана кымбатчылык. Бул тууралуу Кыргызстандагы Эл аралык республикалык институттун (IRI) Аналитикалык изилдөөлөр борборунун (CISR) изилдөөсүндө айтылат.

Экономикалык көйгөйлөрдөн кийинки эң көп айтылган маселе (респонденттердин 33%ы белгиледи) – коррупция көйгөйү болду. Респонденттер ошондой эле көйгөйлөрдүн арасында суу маселесин (18%), социалдык кызматтарды (15%), тышкы чыр-чатакты (13%), саламаттыкты сактоо (12%) жана билим берүү (11%) тармактарын аташкан. Экономика, пенсия жана миграция маселелери 9%дан алышты.

Белгилей кетсек, респонденттер өздөрүнүн шаарында/айылындагы эң маанилүү көйгөй катары жумушсуздукту белгилешкен — респонденттердин 41%ы ушундай деп жооп беришкен. Дагы 30%ы жол жана көчөлөрдүн начар абалын жергиликтүү деңгээлдеги негизги көйгөй деп эсептесе, 20%ы – товарлардын баасынын көтөрүлүшүн, 19%ы – ичкенге таза суунун жоктугун эсептешет.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media