50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды
Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма экени аныкталган. IMEI код текшерилгенде телефондун ордуна смарт-сааттын маалыматы чыккан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында 1984-жылы туулган М.И. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.Тергөөдө ушул сыяктуу башка фактылар да аныкталууда. Учурда тергөө уланууда.