Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды
Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.
Өзгөртүүлөргө ылайык, карантинге алынуучу продукцияларга жана объекттерге карата ветеринардык, фитосанитардык жана тамак-аш коопсуздугу жаатындагы көзөмөлгө мораторийден өзгөчөлүк каралган.
Мыйзам бузуу аныкталса, инспекторлор айып пул салуу жана ишкананын ишин токтотуу сыяктуу чараларды көрө алат. Бул өзгөртүүлөр жугуштуу оорулардын жана тамак-аштан уулануунун алдын алууга багытталган.