Күйүүчү май кымбаттагандыгына байланыштуу көмүрдүн баасы кайра каралат - кымбатташы күтүлөт

Күйүүчү май кымбаттагандыгына байланыштуу көмүрдүн баасы кайра каралат - кымбатташы күтүлөт

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмү Нарын облусунда бир тонна көмүрдүн баасы жеринде 1360 сомдон 1450 сомго чейин бекитилип, азыркы убакта ушул баа менен иш алып барылып жатканын, бирок жакында анын баасы кайрадан караларын “Нарын медиага” билдирген.

Бирок бул баалар дизелдик отундун, майлоочу майлардын, унаа тетиктеринин баасынын кымбаттагандыгына байланыштуу кайра каралып чыгат.

Белгилей кетсек, Нарында көмүр өндүргөн ишканалар күйүүчү майдын, тетиктердин, дөңгөлөктөрдүн кымбаттаганын жана айдоочулардын айлык акылары көтөрүлгөнүн жүйөө келтиришип, бааны кайра карап берүү боюнча Монополияга каршы кызматтын борбордук аппаратына кайрылышкан.

“Министрлер кабинетинин үстүбүздөгү жылдын 30-апрелиндеги 2022-2023-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндөгү токтомун аткаруу максатында, Нарын облусунда 1 тонна көмүрдүн карьердин өзүндө чыккан баасы 1360 сомдон 1450 сомго чейин бекитилип, чыгарылган буйруктар 16 компанияга берилген.

Былтыр бир тонна көмүр баасы жеринде 1330 сом болгон. Быйыл апрель-май айында баа каралып жатканда дизелдик отундун бир литри 62-65 сом болчу. Ошого жараша бир тонна көмүрдүн баасын карьердин өзүндө 1360-1450 сом деп бекитилген. Азыр күйүүчү май 70 сом 80 тыйынга чыкты. Буга байланыштуу бизге өзүбүздүн борбордук аппараттан бааларды кайра кароо боюнча тапшырма келди. Бааны кайра карап чыксак дагы айырма болот”, – дейт Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Бактыбек Орозобеков.

Буга байланыштуу 23-28-августка чейин көмүрдүн жериндеги баасы кайра каралат.

“Кара-Кече” МИнин берген маалыматына таянсак, кендин өзүндө көмүрдүн баасы — тоннасына 1450 сомду түзөт. Ал эми Бишкекте тоннасы 4 миң сомдон сатылып жатканын “Кыргыз көмүр” ишканасы билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500