Улуттук банк валюталык операцияларга коюлган чектөөлөрдү алып салды

Улуттук банк валюталык операцияларга коюлган чектөөлөрдү алып салды

Валюта рыногунун учурдагы салыштырмалуу турукташуусуна байланыштуу алмашуу бюролору тарабынан чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу боюнча коммерциялык банктар менен операцияларды жүргүзүүгө чектөөлөрдү алып салды. Бул тууралуу кечээ, 5-сентябрда регулятордун маалымат кызматы билдирди.

Улуттук банк Башкармасы «Чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө» токтомунун аракетин убактылуу токтотуу тууралуу» токтомун кабыл алды. 

Ушул токтом менен чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндөгү жогоруда аталган чектөөлөр 2022-жылдын 1-декабрына чейин убактылуу токтотулат. 

Эске салсак, Улуттук банк 22-июлдагы токтому менен төмөнкүдөй чектөөлөрдү киргизген болчу:

Комбанктарга:

  • Алмашуу бюролору менен операцияларды жүргүзүүдө календардык күндүн ичинде бир убакта алмашуу бюросунун жүгүртүү капиталынын чегинде чет өлкөлүк валютанын көлөмүн чектөө.
  • Улуттук банкка ар жумалык отчетторду отчеттук жумадан кийинки дүйшөмбү күнү саат 14:00гө чейин берүү.
  • Ар бир айдын акыркы иш күнүнө карата, отчеттук айдан кийинки иш күнү саат 16:00гө чейин алмашуу бюролору менен чет өлкө валютасы менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматты Улуттук банкка берүүгө.

Акча алмаштыруу жайларга:

  • Комбанктарда календардык күндүн ичинде алмашуу бюросунун жалпы жүгүртүү капиталынан ашкан суммада нак чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынат.
  • Коммерциялык банктар менен чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүүдө коммерциялык банктарга алмашуу бюросунун жетекчиси кол койгон жазуу жүзүндө мурунку күндүн аягында жана/же жылдын башында алмашуу бюросунун жүгүртүү капиталынын көлөмүн ырастаган маалыматтарды берүүгө. күнү, тиркелген KKM чек менен.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Каржы министри Руслан Суйналиев Швейцариянын Экономика маселелери боюнча мамлекеттик катчылыгынын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү бөлүмүнүн жетекчиси, өкмөттүн соода келишимдери боюнча өкүлү Пьетро Лаццери менен жолугушту. Министрликтен билдиришкендей, тараптар Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы финансылык-экономикалык кызматташуунун учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл чакан экономиканы колдоо, мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү жана

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Кыргызстанда 1999–2000-жылдардагы Баткен окуяларын расмий түрдө "Баткен согушу" деп таанууну сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорунун демилгечиси — эл өкүлү Болот Сагынаев. Ал "Согуштун ардагерлери, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" мыйзамга Баткен согушунун ардагерлерин киргизүүнү сунуштоодо. Долбоорго ылайык, бул макам 1999–

Министр Балыкчы–Жалал-Абад жолунун курулуш иштерин көзөмөлдөдү

Министр Балыкчы–Жалал-Абад жолунун курулуш иштерин көзөмөлдөдү

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Балыкчы–Жалал-Абад унаа жолунда жүрүп жаткан курулуш иштеринин көзөмөлдөдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Иш сапарынын алкагында министр кооптуу тилкелерде курулуп жаткан тирөөч дубалдардын, селден жана тоо көчкүлөрүнөн коргоочу галереялардын, ошондой эле үч жерде салынып жаткан жол тейлөө пункттарынын курулушунун жүрүшүн

Кыргызстанда 246 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъектти аялдар жетектейт

Кыргызстанда 246 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъектти аялдар жетектейт

Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Аялдар форумунда өлкө экономикасындагы чакан жана орто бизнестин ордун белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү күндө чакан жана орто бизнес Кыргызстандын ички дүң жыйымынын 51,7%ын түзөт. Ошондой эле 823 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъекттин 246 миңден ашыгын