Социалдык тармактардагы алдамчылардан кантип коргонуш керек? Улуттук банктын кеңештери

Социалдык тармактардагы алдамчылардан кантип коргонуш керек? Улуттук банктын кеңештери

Финансылык жактан сабатсыздыктан улам көптөр шылуундарга алданып, акчасын алдырышат. Алдамчылар түрдүү ыкмаларды колдонушат. Финансылык көз боёмочулуктун кандай түрлөрү бар жана алардан кантип коргонуш керек экенин Economist.kg-ге Улуттук банктын кызматкерлери айтып беришти.

Финансылык алдамчылык деген эмне?

Финансылык алдамчылык – бул мыйзамсыз түрдө баюу максатында алдамчылык, бирөөнүн ишенимин пайдалануу жана башка манипуляциялар аркылуу акча жүгүртүү (анын ичинде электрондук) чөйрөсүндө мыйзамсыз аракеттерди жасоо болуп эсептелет.

Алдамчылардын торуна түшпөө үчүн колдонуучулар социалдык тармактарда алдамчылыкты тааный билиши керек. Финансылык сабаттуулукту, киберсабаттуулукту жана санариптик гигиенаны жогорулатуу зарыл.

Социалдык тармактардагы алдамчылыктын түрлөрү:

Интернетте алып-сатуу:

Кардар товарды сатуу боюнча жарнама жайгаштырат, ал эми шылуундар сатып алуучу катары чалып, сатуучунун картасынын реквизиттерин (CVV, жарактуулук мөөнөтү, 3D secure, OTP, смс ж.б.) билип алышат. Андан кийин алар сатуучудан “акча которуу үчүн керек болуп жатат” деп, тастыктоо кодун сурап алышат да, картадан акчанын баарын чыгарып алышат.

Бул схеманын дагы бир варианты бар – интернетте жасалма “коопсуз келишим” кызматын колдонуу. Кардар товарды же кызматты сатуу боюнча жарнаманы табат. Акча которот, шылуундар болсо акчаны алгандан кийин байланышка чыкпай коюшат.

Форманы алмаштыруу менен онлайн сатып алуу:

Бул схема ар кандай жарнамалык сайттар аркылуу сатып алууда кеңири таралган. Алдамчылар товарга акча которууну суранбай, кардарга төлөм формасы менен шилтемени жөнөтүшөт – бул көбүрөөк ишеним жаратат. Сайттын алсыз жактарын колдонуп, шылуундар соода түйүнүнүн атын өзгөртүшөт. Кардар сатып алып жатам деп ойлойт, бирок чындыгында кайсы бир картага акча которуп жаткан болот.

“Жакын адамыңыз кыйынчылыкта”:

Социалдык тармактарда тууганыңыз же досуңуз жазат. Оор абалга, кырсыкка кабылып калдым, тез арада акча керек же операцияга акча керек деп жазышат. Аккаунттарды ээлеп алган шылуундар ушинтип иштешет.

Жасалма банк коопсуздук кызматы:

Кардарга бирөө чалат. Алдамчылар өздөрүн банктын коопсуздук кызматынан чалып жаткандай түр көрсөтүп, кардардын эсебинен акча алуу аракети болгонун айтышып, картанын реквизиттерин жана тастыктоочу коддорду алып, эсептен акчаны чыгарып алышат.

Лотерея же сурамжылоо:

Кардар лотереяга катышуу же сурамжылоого катышуу аркылуу сыйлык алса болот деген жарнаманы интернеттен же каттардын арасынан көрөт. Ал үчүн сиз кыска анкета толтуруш керек болот. Кардар картанын реквизиттерин киргизет – алдамчылар акча каражаттарын эсептен чыгарып алышат, же кийинки алдамчылык үчүн маалыматты билип алышат.

“Коопсуз эсеп”:

“Коопсуздук кызматынан” бирөөлөр чалып, маалымат уурдалганын айтып, ага кызматкерлердин тиешеси бар деп билдиришет. Коопсуз банкоматтан акчаны чыгарып алып, атайын камсыздандыруу эсебине которуу керек деп айтышат.

Өзүңүздү жана жакындарыңызды алдамчылыктан кантип коргоо керек
  • Эгерде банк кызматкерлери катары бирөөлөр телефон чалса, шектенүү пайда болгондо сүйлөшүүнү токтотуп, ошол банктын расмий номерлерине кайра чалыңыз;
  • CVC кодун жана картанын толук маалыматын эч кимге айтпаңыз. Аларды эч ким, жадагалса банк кызматкерлери да талап кыла албайт;
  • банктан SMS аркылуу алынган коддорду, ошондой эле онлайн-банкингдин паролун жана логинин эч кимге айтпаңыз;
  • банк эсебине кирүү үчүн сырсөздү браузерде сактабаңыз;
  • белгилүү сайттарда гана сатып алуулар үчүн төлөңүз. Браузердеги даректи ар дайым текшериңиз;
  • жеке маалыматтарыңыздын корголушуна көбүрөөк көңүл буруңуз. Алдамчылар үчүн сиз жөнүндө маалымат алуу канчалык кыйын болсо, алардын банк картаңызды колдонуу мүмкүнчүлүгү ошончолук аз болот;
  • белгисиз шилтемелерди баспаңыз жана шектүү номерлерге кайра чалбаңыз. Домендик аталыштар менен даректерди уюмдардын расмий веб-сайттары менен салыштырып, текшериңиз;
  • эгерде сизге акча түшкөнү жөнүндө SMS-билдирүү келип, андан кийин чоочун бир адам сизге жаңылыштык менен акча салып алганын айтып, акчаны кайтарып берүүнү суранса, кайтарууга шашпаңыз. Бул көбүрөөк алдамчылык схемага окшош: чынында, акча келген эмес, СМСти банк жөнөткөн эмес жана сизге алдамчы чалган. Эсебиңизди текшерип көрүңүз, онлайн-банктан выписка заказ кылыңыз же акча которуудан мурун банкка чалып, сураңыз;
  • эгерде “Сатып алууну ырастоо” эскертмеси жана код келип түшүп, анын артынан “жаңылышкан” адам телефон чалса, ага эч качан сиздин телефон номериңизке келген кодду бербеңиз. Алдамчылар сиздин эсебиңизден акча чыгарып алуу үчүн же керексиз акы төлөнүүчү кызматка жаздыруу үчүн сизден код сурап жаткан болот;
  • картанын маалыматтарын компьютерде же смартфондо сактабаңыз;
  • эгерде кандайдыр бир утуш же картадан акчаны чыгарылгандыгы жөнүндө кабар келип, операцияны токтотуу үчүн сиз өзүңүздүн реквизиттериңизди беришиңиз керек болсо, сүйлөшүүнү токтотуп, картаңыздын арткы бетинде көрсөтүлгөн телефон номери боюнча банкка чалыңыз;
  • туугандар же достор кыйынчылыкка кабылып жатканы кабарланса, алар менен түз байланышыңыз;
  • өзүңүздүн да, жакындарыңыздын дакомпьютерлене антивирус орнотуңуз.

Коргоонун кандай практикалык ыкмалары сунушталат

Жаңы карталарды алып жатканда, интернет-төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү өчүрүлгөнбү же өчүрүлгөн эмеспи, текшерүүнү Улуттук банк сунуштайт. Ээгерде бул кызматтын кереги жок болсо, өчүртүп салыңыз. Интернеттен сатып алып жатканда картаңыздын эсебин сатып алууга жетиштүү суммага гана толтуруңуз. Банктык карталарга төлөмдөр боюнча чектөөлөрдү (күн, ай ж.б.) коюп салыңыз.

Эгерде эсебиңизден бирөө акча чыгарганынан шектенсеңиз, мүмкүн болушунча тезирээк банкка кайрылып, жагдайлар такталганга чейин картаны блокировка кылдырыңыз. Андан кийин окуяны иликтөө үчүн банкка барып, арыз жазыңыз. Эгерде эсептен санкцияланбаган акча чыгаруу аныкталса, банктын ички иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен укук коргоо органдарына кайрылып, арыз жазуу зарыл.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан экспортко багытталган үрөнчүлүктү өнүктүрүүдө

Кыргызстан экспортко багытталган үрөнчүлүктү өнүктүрүүдө

Күн мурун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев “Кыргыз Агрохолдинг” ААКсына караштуу “Элита” асыл тукум чарбасында болуп, агрардык долбоорлор жана “KVS” үрөн кооперативинин ишмердиги менен таанышты. Ведомствонун маалыматына ылайык, иш сапардын жүрүшүндө үрөнчүлүк багыты, атайын техникалар, жер тилкелери жана экспортко багытталган жашылча

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100 күндүк артка санак башталды

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100 күндүк артка санак башталды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата артка санактын башталышын салтанаттуу түрдө жарыялады. Ал өз сөзүндө быйылкы көчмөндөр оюндары 31-август — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүндө башталарын белгиледи. Улан Маматканов Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу менен ата-бабалардан калган улуттук спорттук оюндарды жандандырып, көчмөн элдердин маданиятын дүйнөгө таанытып

Бишкекте медициналык шаарча курууда Франциянын тажрыйбасы колдонулат

Бишкекте медициналык шаарча курууда Франциянын тажрыйбасы колдонулат

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жетектеген кыргыз делегациясы Франциянын Нант шаарында курулуп жаткан заманбап медициналык шаарчанын долбоору менен таанышты. Министрликтин маалыматына ылайык, кыргыз тарапка жалпы аянты 130 миң чарчы метрге жакын көп тармактуу медициналык комплекс көрсөтүлдү. Анда 2400 орундуу күнү-түнү иштей турган стационар жана 500 орундуу күндүзгү стационар каралган. Медициналык

Кара-Кулжада дагы бир спорт зал ачылды

Кара-Кулжада дагы бир спорт зал ачылды

Кара-Кулжа районунун Сары-Бээ айылында жаңы заманбап спорт зал пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, спорт объектисинин курулушуна республикалык бюджеттен 25,4 миллион сом бөлүнгөн. Ачылыш аземинде президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев жаңы спорт зал райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана жаштар арасында спортту жайылтууга чоң салым