Министрлик жарандарга төлөнбөй калган 4,4 млн сом эмгек акыны өндүрүп берди

Министрлик жарандарга төлөнбөй калган 4,4 млн сом эмгек акыны өндүрүп берди

Эмгек министрлиги 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында кызматкерлерге төлөнбөй калган 4 млн 408 миң 972 сом айлык акысын кайтарып алуусуна көмөктөштү.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилинде өндүрүлгөн сумма 7 млн 199 миң 869 сомду түзгөн. Быйыл бул көрсөткүч 2 млн 790 миң 896 сомго же 38,8%га азайган.

Мындан тышкары, өндүрүштүк жаракаттан улам келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн төлөнгөн компенсациялардын көлөмү да кыскарган.

2026-жылдын алты айында кызматкерлерге 11 млн 380 миң 435 сом компенсация төлөнсө, 2025-жылдын ушул мезгилинде бул сумма 58 млн 826 миң 346 сомду түзгөн.

Натыйжада компенсациялардын көлөмү 80,7%га төмөндөгөн.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука – Касан унаа жолунун 12 чакырымы толугу менен асфальтталды

Ала-Бука – Касан унаа жолунун 12 чакырымы толугу менен асфальтталды

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Касан унаа жолунун быйылкы жылга пландалган 5,5 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө иштери толугу менен аяктады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, жол куруу иштери №17 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан белгиленген графикке ылайык, курулуштун сапат талаптарын сактоо менен жүргүзүлдү. Аталган жолдун жалпы 12 чакырымына

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы шаардагы көп кабаттуу турак жайга текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүү Байзаков көчөсү, 46 дарегинде курулуп жаткан объектте өткөрүлүп, техникалык талаптардын бузулганы аныкталды. Белгиленгендей, курулуш иштери бекитилген долбоордук документациядан четтөө менен жүргүзүлгөн. Ошондой эле

Ошто агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйын өттү

Ошто агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйын өттү

6-7-август күндөрү Ош шаарында Дүйнөлүк банктын каржылоосунда министрлик тарабынан ишке ашырылып жаткан "Ош облусунун жана Ош шаарынын аймактык экономикалык өнүгүүсү" долбоорунун алкагында Өндүрүмдүү өнөктөштүк комитетинин көчмө жыйыны өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Жыйынга министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев жана Комитеттин мүчөлөрү катышты. Көчмө жыйындын

Бишкектеги 10-кичирайондо убактылуу суу токтотулат

Бишкектеги 10-кичирайондо убактылуу суу токтотулат

12-августта саат 09:00дөн саат 17:00гө чейин 10-кичирайондун бир бөлүгүндөгү турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, суу менен жабдуунун убактылуу токтотулушу 10-кичирайондогу откананын суу