Адылбек Касымалиев: Ысык-Көлдөгү айланма жолдун курулушу эки-үч жылдын ичинде аяктайт

Адылбек Касымалиев: Ысык-Көлдөгү айланма жолдун курулушу эки-үч жылдын ичинде аяктайт

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жакынкы жылдары Ысык-Көл облусунда жолдорду масштабдуу оңдоо пландалып жатканын билдирди. 

“Өзүңүздөр көрүп тургандай, Балбай айылына чейинки жолду оңдоо иштери дээрлик аяктады. Андан ары Балбайдан Караколго, андан кийин Барскоонго жана Балыкчыга чейинки тилкени оңдоо иштери уланат. Ысык-Көлдөгү айланма жолду оңдоо иштери эки-үч жылдын ичинде аякталат деп пландалууда. Мындан тышкары, Чолпон-Атага чейин темир жол куруу пландарыбыз бар”, – деди Касымалиев. 

Касымалиевдин айтымында, ири эл аралык иш-чараларды өткөрүү учурунда тыгындарды болтурбоо мүмкүн эмес. Ошондуктан бийлик аймактын жол инфраструктурасын жаңылоону көздөп жатат. 

Мындан тышкары окуңуз

Министрлик жарандарга төлөнбөй калган 4,4 млн сом эмгек акыны өндүрүп берди

Министрлик жарандарга төлөнбөй калган 4,4 млн сом эмгек акыны өндүрүп берди

Эмгек министрлиги 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында кызматкерлерге төлөнбөй калган 4 млн 408 миң 972 сом айлык акысын кайтарып алуусуна көмөктөштү. Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилинде өндүрүлгөн сумма 7 млн 199 миң 869 сомду түзгөн. Быйыл бул көрсөткүч 2 млн 790 миң 896 сомго же 38,8%га азайган.

Гемодиализ кызматындагы мыйзам бузуулар 226 млн сомдон ашык зыян алып келди

Гемодиализ кызматындагы мыйзам бузуулар 226 млн сомдон ашык зыян алып келди

Башкы прокуратура бюджеттик программалык гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдө аныкталган мыйзам бузуулар боюнча кылмыш ишин козгоду. Маалыматка ылайык, текшерүүдө медициналык документтерге жана "Гемодиализ" автоматташтырылган маалыматтык тутумуна анык эмес маалыматтар киргизилгени аныкталган. Тактап айтканда, Кыргызстандан тышкары жүргөн жана каза болгон бейтаптарга гемодиализ жүргүзүлгөнү тууралуу маалыматтар катталган. Техникалык жактан мүмкүн болбогонуна карабастан

Салык кызматы: Салыкты 1-сентябрдан кечиктирбестен төлөөнү эскертти

Салык кызматы: Салыкты 1-сентябрдан кечиктирбестен төлөөнү эскертти

Мамлекеттик салык кызматы жарандарга мүлк салыгын өз убагында төлөө зарылдыгын эскертет. Салык кызматынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-сентябрынан кечиктирбестен төмөнкү салыктарды төлөө зарыл: ишкердик жүргүзүүдө пайдаланылбаган турак үйлөр жана батирлер үчүн мүлк салыгы; үй жанындагы, короо алдындагы жана бакча-чарба жер тилкелери үчүн жер салыгы. 2026-жылы төлөнүүгө тийиш

Өзгөндүн тургуну алма сактоочу ири борбор курууга мамлекеттик колдоо сурады

Өзгөндүн тургуну алма сактоочу ири борбор курууга мамлекеттик колдоо сурады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Ош облусунун тургундарын кабыл алып, алардын көйгөйлөрүн укту. Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Өзгөн районунун тургуну алма сактоочу ири транспорттук-логистикалык борбор куруу үчүн мамлекеттик каржылык колдоо керек экенин айтты. Маалыматка ылайык, министр бул багытта мамлекеттик