Кадамжайдын тургундары бийликтен Чечме булагы боюнча туура чечим кабыл алууну суранышты

Кадамжайдын тургундары бийликтен Чечме булагы боюнча туура чечим кабыл алууну суранышты

Кечээ, 15-ноябрда Кадамжай районундагы Чечме айылынын тургундары кыргыз-өзбек чек арасындагы Чечме булагын Өзбекстанга берүүгө каршы болушканын айтып чогулушканын “Азаттык” кабарлады.

Маалыматка таянсак, алар Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо жөнүндө эки тараптуу келишимде “Чечме булагы Өзбекстанга берилет” деген маалыматка нааразы болуп чыгышкан жана булакты берүүгө каршы пикирлерин айтышкан.

Акциянын катышуучусу, Чечме айылдык кеңешинин төрагасы Садык Саламовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, Чечме булагы жайгашкан жер талаштуу тилкеде эмес:

“Бул биздин жер. Коңшу Өзбекстандын эли Чечменин суусунан каалашынча эле пайдаланып келишкен. Бир тыйын акы сураган эмеспиз. Жогорку Кеңештеги депутаттарыбыз өзүнүн кызыкчылыгы үчүн иштебесин, эртең элдин алдына келерин ойлосун. Биз аларды “жер сат же жер ал” деп шайлаган эмеспиз, “биздин мекендин бүтүндүгүн коргоп бер” деп шайлаганбыз. Биздин бул жерге, сууга, ата-бабаларыбыздын сөөгү жаткан көрүстөндүн, бул жерде бир нече кылымдан бери иштеп келе жаткан тегирменге чейин мыйзамдаштырылып, мамлекеттик акт түзүлгөн”, – деди Саламов.

Жергиликтүү элдин маалыматына караганда, аймакта 1.5 миңдей адам жашайт.

Ошондой эле маалыматта чогулгандар мамлекет башчы Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге жана Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жолдошкону, анда бийликтен өлкөнүн бүтүндүгү үчүн туура чечим кабыл алууну суранышканы айтылат.

Кадамжайдын Чечме айылы Кыргызстанда анклав болуп жайгашкан Өзбекстандын Сох району менен чектешет. Анклавда 80 миңдей киши жашайт.


Эскерте кетсек, кечээ, 15-ноябрда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча макулдашуунун долбоорун жактырып, аны Жогорку Кеңеште үч окууда кароого жөнөттү.

Мындан тышкары окуңуз

Министрлик жарандарга төлөнбөй калган 4,4 млн сом эмгек акыны өндүрүп берди

Министрлик жарандарга төлөнбөй калган 4,4 млн сом эмгек акыны өндүрүп берди

Эмгек министрлиги 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында кызматкерлерге төлөнбөй калган 4 млн 408 миң 972 сом айлык акысын кайтарып алуусуна көмөктөштү. Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилинде өндүрүлгөн сумма 7 млн 199 миң 869 сомду түзгөн. Быйыл бул көрсөткүч 2 млн 790 миң 896 сомго же 38,8%га азайган.

Адылбек Касымалиев: Ысык-Көлдөгү айланма жолдун курулушу эки-үч жылдын ичинде аяктайт

Адылбек Касымалиев: Ысык-Көлдөгү айланма жолдун курулушу эки-үч жылдын ичинде аяктайт

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жакынкы жылдары Ысык-Көл облусунда жолдорду масштабдуу оңдоо пландалып жатканын билдирди.  “Өзүңүздөр көрүп тургандай, Балбай айылына чейинки жолду оңдоо иштери дээрлик аяктады. Андан ары Балбайдан Караколго, андан кийин Барскоонго жана Балыкчыга чейинки тилкени оңдоо иштери уланат. Ысык-Көлдөгү айланма жолду оңдоо иштери эки-үч жылдын

Гемодиализ кызматындагы мыйзам бузуулар 226 млн сомдон ашык зыян алып келди

Гемодиализ кызматындагы мыйзам бузуулар 226 млн сомдон ашык зыян алып келди

Башкы прокуратура бюджеттик программалык гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдө аныкталган мыйзам бузуулар боюнча кылмыш ишин козгоду. Маалыматка ылайык, текшерүүдө медициналык документтерге жана "Гемодиализ" автоматташтырылган маалыматтык тутумуна анык эмес маалыматтар киргизилгени аныкталган. Тактап айтканда, Кыргызстандан тышкары жүргөн жана каза болгон бейтаптарга гемодиализ жүргүзүлгөнү тууралуу маалыматтар катталган. Техникалык жактан мүмкүн болбогонуна карабастан

Салык кызматы: Салыкты 1-сентябрдан кечиктирбестен төлөөнү эскертти

Салык кызматы: Салыкты 1-сентябрдан кечиктирбестен төлөөнү эскертти

Мамлекеттик салык кызматы жарандарга мүлк салыгын өз убагында төлөө зарылдыгын эскертет. Салык кызматынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-сентябрынан кечиктирбестен төмөнкү салыктарды төлөө зарыл: ишкердик жүргүзүүдө пайдаланылбаган турак үйлөр жана батирлер үчүн мүлк салыгы; үй жанындагы, короо алдындагы жана бакча-чарба жер тилкелери үчүн жер салыгы. 2026-жылы төлөнүүгө тийиш