Соода-өнөр жай палатасына дагы 70 жаңы мүчө кабыл алынды
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Президиумунун жыйынында 70 жаңы мүчө кабыл алынды. Бул тууралуу палатанын президенти Темир Сариев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Маалыматка ылайык, алар өлкөнүн бардык аймактарынан келип, экономиканын ар кандай тармактарында иш алып барышат.
Жыйында жаңы мүчөлөргө сертификаттар тапшырылып, алдыдагы иштерине ийгилик кааланды.
Палатанын максаты ишкерлерди бириктирүү менен чектелбестен, аларга реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүү. Жаңы өнөктөштөрдү табуу, экспортко чыгуу, инвестиция тартуу жана биргелешкен өндүрүштөрдү өнүктүрүү негизги багыт болуп саналат.