"Балага сүйүнчү" жөлөк пулдун арызын "Түндүк"аркылуу берсе болот

"Балага сүйүнчү" жөлөк пулдун арызын  "Түндүк"аркылуу берсе болот

2026-жылдын 14-октябры, «Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Балага сүйүнчү» мамлекеттик жөлөк пулун тариздөө боюнча электрондук кызмат ишке киргизилди. Эми ата-энелер жөлөк пул алуу үчүн арызды смартфон аркылуу берип, калкты тейлөө борборлоруна барбастан эле кызматтан пайдалана алышат. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Жаңы кызмат Социалдык камсыздоонун бирдиктүү тутумуна тиешелүү модулду киргизүүнүн алкагында ишке ашырылды. Бала төрөлгөнү органдарында катталгандан кийин ата-энелер санариптик кызматты колдонуп, жөлөк пул алуу үчүн арызды аралыктан бере алышат.

Электрондук кызматты ишке киргизүү жөлөк пулду тариздөө жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө, административдик тоскоолдуктарды азайтууга жана жаңы төрөлгөн балдары бар үй-бүлөлөр үчүн мамлекеттик колдоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Ошол эле учурда жөлөкпулду КТБлар аркылуу салттуу тартипте тариздөө мүмкүнчүлүгү сакталат. Жарандар кызмат алуунун өздөрүнө ыңгайлуу жолун — электрондук же жеке кайрылуу форматын тандай алышат.

Бул кызматты ишке киргизүү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык коргоо системасын санариптештирүү жана калк үчүн мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча ырааттуу ишинин бир бөлүгү болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Соода-өнөр жай палатасы чет өлкөлөрдө 5 жаңы өкүлүн бекитти

Соода-өнөр жай палатасы чет өлкөлөрдө 5 жаңы өкүлүн бекитти

Соода-өнөр жай палатасы бизнес өкүлдөрүнүн эл аралык тармагын кеңейтүүдө. Бул тууралуу палатанын президенти Темир Сариев социалдык тармактагы баракчасында билдирди. Палата президиумунун акыркы жыйынында алты өлкөдө иштей турган беш жаңы өкүл бекитилди: • Хорватия жана Словения – Изат Назарматов; • Болгария, София жана София аймагы – Адилет Камчыбеков; • Түштүк Корея – Фатима Жумабаева; • Орусия, Түндүк

Ишкер Media
Чүйдөгү мектептер экологиялык таза жылытуу системалары менен жабдылат

Чүйдөгү мектептер экологиялык таза жылытуу системалары менен жабдылат

“Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу” долбоорунун алкагында Чүй облусундагы 30 мектепти жана бала бакчаны экологиялык жактан таза жылытуу системалары менен камсыздоо, ошондой эле тиешелүү адистердин квалификациясын жогорулатып, окутуу пландаштырылууда. Ал үчүн Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен аталган долбоорду 2029-жылга чейин

Ишкер Media
Соода-өнөр жай палатасына дагы 70 жаңы мүчө кабыл алынды

Соода-өнөр жай палатасына дагы 70 жаңы мүчө кабыл алынды

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Президиумунун жыйынында 70 жаңы мүчө кабыл алынды. Бул тууралуу палатанын президенти Темир Сариев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди. Маалыматка ылайык, алар өлкөнүн бардык аймактарынан келип, экономиканын ар кандай тармактарында иш алып барышат. Жыйында жаңы мүчөлөргө сертификаттар тапшырылып, алдыдагы иштерине ийгилик кааланды. Палатанын максаты ишкерлерди

Ишкер Media
Быйыл социалдык объектилердин курулушуна 40 млрд сомдон ашык каражат каралды

Быйыл социалдык объектилердин курулушуна 40 млрд сомдон ашык каражат каралды

2026-жылы Кыргызстанда социалдык объектилердин курулушуна жана оңдоп-түзөөгө республикалык бюджеттен жана Турукташтыруу фондунан жалпы 40 млрд 563 млн сом каралган. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков билдирди. Анын айтымында, республикалык бюджеттен 509 объекттин курулушуна 17 млрд 818 млн сом, ал

Ишкер Media