Чүйдөгү мектептер экологиялык таза жылытуу системалары менен жабдылат
“Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу” долбоорунун алкагында Чүй облусундагы 30 мектепти жана бала бакчаны экологиялык жактан таза жылытуу системалары менен камсыздоо, ошондой эле тиешелүү адистердин квалификациясын жогорулатып, окутуу пландаштырылууда.
Ал үчүн Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен аталган долбоорду 2029-жылга чейин ишке ашырмакчы. Министрликтин маалыматына караганда, долбоордун жалпы бюджети 10 млн АКШ долларын түзөт.
Долбоордун алкагында төмөнкү негизги иштер аткарылмакчы:
- Бишкек шаарында атмосфералык абанын булгануу булактарына жараша булгоочу заттардын чыгындыларын азайтуу боюнча чараларды көрүү;
- 2028–2038-жылдарга абанын сапатын башкаруунун комплекстүү планын иштеп чыгуу;
- Чүй облусундагы мектептерде жана бала бакчаларда жылуулук насосторун пилоттук негизде орнотуу.
Долбоорду ишке ашыруу атмосфералык абанын сапатын жакшыртууга, жылытуу системаларынын экологиялык натыйжалуулугун жогорулатууга жана абанын булганышын азайтуу боюнча туруктуу чечимдерди киргизүүгө багытталган.