Соода-өнөр жай палатасы чет өлкөлөрдө 5 жаңы өкүлүн бекитти
Соода-өнөр жай палатасы бизнес өкүлдөрүнүн эл аралык тармагын кеңейтүүдө. Бул тууралуу палатанын президенти Темир Сариев социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Палата президиумунун акыркы жыйынында алты өлкөдө иштей турган беш жаңы өкүл бекитилди:
• Хорватия жана Словения – Изат Назарматов;
• Болгария, София жана София аймагы – Адилет Камчыбеков;
• Түштүк Корея – Фатима Жумабаева;
• Орусия, Түндүк Кавказ федералдык округу – Артур Сулейманов;
• Казакстан – Искендер Файзиев.
Маалымдалгандай, палата өкүлдөрү ата мекендик компаниялар менен эл аралык бизнес коомчулугунун ортосунда байланыштыруучу звено болуп калат. Алардын милдети - потенциалдуу өнөктөш жана инвестор табуу, кыргыз продукциясын жайылтуу, бизнес миссияларды, көргөзмөлөрдү жана сүйлөшүүлөрдү уюштуруу.
Палатада белгилешкендей, рынокту билүү, өнөктөштүн тилинде сүйлөө жана башка өлкөдө бизнестин иштөө принцибин түшүнүү кыргыз компанияларын чет өлкөдө натыйжалуу жайылтуу үчүн маанилүү.