Быйыл мейманкана жана ресторан кызматтары дээрлик 19%га өстү - өткөн жылдан 2%га жогору

2022-жылы мейманкана жана ресторан кызматтары 18.9%га өстү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин КРнын социалдык-экономикалык өнүгүүсү деп аталган маалыматында айтылат.

Ал эми 2021-жылдын январь-ноябрында аталган сектордогу кызмат 16.8%га өскөн. Бул жылы 2%га көп болгону Россиялыктардын келиши жана туризм менен шартталган.

Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө 2022-жылдын январь-ноябрында реалдуу өсүш 4.7%ды түздү, ал эми 2021-жылдын январь-ноябрында 6.9%дык өсүү болгон. Дүң жана чекене соода кызмат көрсөтүүлөрүнүн өсүшү 7.6%, ал эми чекене сооданын өсүшү 5.3%ды түздү. 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк бир нече акча алмашуу жайына чара колдонуп, 1 жаранга айып пул салды

"Нарын" ЭЭЗда 4,3 млн сомдук бажы мыйзам бузуу аныкталды

Кайсы аймакта маяна жогору?

Баткен районуна жаңы аким барды

Кыргызстанда 184 миң гектардан ашык жайыт деградацияга учураган