Улуттук банк бир нече акча алмашуу жайына чара колдонуп, 1 жаранга айып пул салды

Улуттук банк бир нече акча алмашуу жайына чара колдонуп, 1 жаранга айып пул салды

КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк валюта рыногундагы айрым оюнчуларга карата тиешелүү чара колдонду.

Улуттук банктын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Бишкек шаарындагы "Евросом" алмашуу бюросунун лицензиясынын аракети убактылуу токтотулду. Мындан сырткары борбордогу 2 алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сомдон айып пул салынды.  

Ошондой эле, Бишкек шаарында Улуттук банктын лицензиясы жок накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын 2 жаранына (Б.Т.К., Б.Ч.А.) ар бирине - 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салды.

Улуттук банк жарандарды чет өлкө валютасын алмаштырууда лицензиясы бар алмашуу бюролорунун кызматынан гана пайдаланууга чакырып, мыйзамсыз валюта алмаштыруу жоопкерчиликке алып келерин эскертти.

Улуттук банктын алмашуу бюролорунун 2026-жылдын 16-ноябрына карата абалы боюнча реестрине ылайык, Кыргызстанда азыр жалпы - 871 акча алмашуу бюросу ишмердүүлүк жүргүзүп жатат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Банктар

Акыркы жаңылыктар

Баары

"Нарын" ЭЭЗда 4,3 млн сомдук бажы мыйзам бузуу аныкталды

Кайсы аймакта маяна жогору?

Баткен районуна жаңы аким барды

Кыргызстанда 184 миң гектардан ашык жайыт деградацияга учураган

Кара-Суудагы "Лифан аккумулятор заводуна" 1 млрд сомдук инвестиция тартылды