КРда виртуалдык активдерди төлөм каражаты катары колдонууга болбойт - Улуттук банк

КРда виртуалдык активдерди төлөм каражаты катары колдонууга болбойт - Улуттук банк

Улуттук банк ЖМКларда КРнын аймагында виртуалдык активдерди пайдалануу аркылуу товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөөгө мүмкүндүк берген кызматтардын ишке киргендиги тууралуу маалыматтын жарыялангандыгына байланыштуу маалымат берди.

Улуттук банк КРнын «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзамына ылайык, КРнын аймагында виртуалдык актив төлөм каражаты, валюта жана/же баалуу кагаз болуп саналбай тургандыгын билдирет. 

“Ушуга байланыштуу, Улуттук банк КРнын аймагында виртуалдык активдерди товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм каражаты катары колдонууга, ошондой эле соода жана тейлөө ишканаларына товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларын виртуалдык активдер менен көрсөтүүгө жол берилбей тургандыгын белгилейт”, – дейт регулятор. 

КРнын «КРнын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына ылайык, сом Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында төлөмдөрдүн бардык түрлөрү боюнча чектөөлөрсүз кабыл алынууга милдеттүү болгон жалгыз мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналат. 

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу Ломоносов мектебинин жаңы имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө

Оштогу Ломоносов мектебинин жаңы имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Ош шаарындагы М.В. Ломоносов атындагы мектептин ордуна 750 орундуу заманбап жаңы мектеп курулуп жатат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде ишке ашырылып жаткан долбоордун курулушу үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган. Учурда төрт кабаттуу имараттын

Бишкек – Ош багыты боюнча ылдам поезд жүргүзүү пландалууда

Бишкек – Ош багыты боюнча ылдам поезд жүргүзүү пландалууда

Келечекте Бишкек менен Оштун ортосунда 6-8 саатта жете турган ылдам жүрүүчү поездди ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев билдирди. Анын айтымында, жаңы темир жол Бишкек – Ош жана Түндүк – Түштүк алтернативдик жолдорундагы транспорт агымын азайтып, күйүүчү май жана башка жүктөрдү темир

Балыкчы – Кочкор темир жолунун 1 чакырымынын баасы 955 миң долларды түздү

Балыкчы – Кочкор темир жолунун 1 чакырымынын баасы 955 миң долларды түздү

Балыкчы – Кочкор темир жолу чет элдик инвесторлор сунуштаган баадан дээрлик 5-8 эсе арзанга курулду. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев билдирди. Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруунун алгачкы этабында чет элдик инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Бирок алар темир жолдун бир чакырымын куруу үчүн

Омар Султанов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды

Омар Султанов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды

Омар Султанов Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси, Женева шаарындагы БУУдагы жана эл аралык башка уюмдардагы өлкөнүн туруктуу өкүлү кызмат ордунан бошотулду. Президенттин тескемесине ылайык, Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы элчиси болуп дайындалды. 60 жаштагы Омар Султанов — Жогорку Кеңештинмурдагы төрагасы Марат Султановдун бир тууганы. Мурда Кыргызстандын Германиядагы элчиси, Тышкы иштер министринин биринчи