Россия КРдан келген мигранттардын жүрүү шарттарын жөнөкөйлөтөт – өлкөдөн чыкпастан кирүү максатын өзгөртүүгө болот

Россия КРдан келген мигранттардын жүрүү шарттарын жөнөкөйлөтөт – өлкөдөн чыкпастан кирүү максатын өзгөртүүгө болот

Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн алкагында ЕАЭБден келген мигранттардын, анын ичинде кыргызстандыктардын Россияда жүрүүсү жөнөкөйлөштүрүлөт. Бул протоколду РФнын Мамлекеттик Думасы 13-декабрдагы пленардык жыйынында ратификациялаганын «Парламенттик гезит» жазып чыкты.

Россиянын Экономикалык өнүгүү министрлигинин башчысынын орун басары Дмитрий Волвачтын айтымында, протоколдо 137 түзөтүү камтылган.

«Биринчиден, ЕАЭБге кирген эмгек мигранттарынын Россияда жүрүү жана кесиптик ишмердүүлүк режими жөнөкөйлөтүлөт, бизнестен административдик жүк түшүрүлөт», – деди ал.

Маалыматта эмгек мигранттары иштеп жаткан мамлекеттин аймагынан чыкпай туруп, кирүү максатын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү бар экендиги айтылат. Ошондой эле педагогикалык жана юридикалык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү квалификациялар, илимий даражалар жана наамдар жөнүндө документтерди таанууну карайт.

«Бул өзгөртүүлөр ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Россияда иштеп жаткан 1.5 миллиондон ашык мигранттарга таасир этет», – деди Волвач. Документте ошондой эле бажы көзөмөлү жана салык төлөөдөн качууга каршы күрөшүү боюнча эрежелер такталган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 476 миңден ашуун адам жөлөк пул алат

Кыргызстанда 476 миңден ашуун адам жөлөк пул алат

Республика боюнча 476 миңден ашык жаран жөлөк пул жана компенсация менен камсыз болууда. Бул тууралуу Эмгек министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов Пекинде өтүп жаткан Жакырчылыкты кыскартуу жана өнүгүү боюнча Глобалдык форумда билдирди. Анын айтымында, учурда өлкөдө 1,5 миллионго жакын адам социалдык кызматтарды пайдаланат. Ошондой эле 590 миңден ашуун

Өсүмдүктөрдүн карантин лабораториялары 4 айда 1,3 млн сом тапты

Өсүмдүктөрдүн карантин лабораториялары 4 айда 1,3 млн сом тапты

Быйылкы жылдын алгачкы төрт айында өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияларга жалпы 7965 үлгү түшүп, 18 848 экспертиза жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, лабораторияларга импорттук продукциялардан 5559, экспорттук продукциялардан 1767 үлгү кабыл алынган. Мындан тышкары, изилдөө иштеринен 379 жана жарандардын кайрылуулары

Кыргызстан эл аралык издөөдөгү жаранды Францияга өткөрүп берди

Кыргызстан эл аралык издөөдөгү жаранды Францияга өткөрүп берди

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, экстрадиция Бириккен Улуттар Уюмунун Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы конвенциясынын алкагында жана эл аралык милдеттенмелердин негизинде ишке ашырылды. Франциянын компетенттүү органдарынын маалыматы боюнча, аталган жаран кылмыштуу топтун курамында чет өлкөлүк жарандардын Францияга жана Шенген аймагындагы айрым мамлекеттерге мыйзамсыз кирүүсүнө көмөктөшүүгө шектелүүдө. Экстрадиция Башкы прокуратура менен Интерполдун Кыргызстандагы

Айтматов райондук электр тармагы 47 жылдан кийин жаңыланууда

Айтматов райондук электр тармагы 47 жылдан кийин жаңыланууда

Талас электр тармактар ишканасына караштуу Айтматов райондук электр тармагынын административдик имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда оңдоо иштеринин 60 пайызы аяктады. Имарат заманбап стилде жаңыланып, ички жана тышкы бөлүктөрү толук оңдолууда. Капиталдык оңдоонун алкагында чатыр алмаштырылып, эшик-терезелер жаңыртылып, инженердик коммуникациялар, жылытуу жана электр