Баткендик ишкерлерге жылдык 1% үстөк менен насыя берилет, бирок күрөө керек

Баткендик ишкерлерге жылдык 1% үстөк менен насыя берилет, бирок күрөө керек

Тажикстандын кол салуусунан жапа чеккен Баткен жана Ош облустарынын ишкерлери мамлекеттен жылына 1% менен жеңилдетилген насыя ала алышат, бирок насыя алуу үчүн күрөө керектелет.

Жеңилдетилген насыялар бериле тургандыгы тууралуу 15-декабрда Баткен жана Ош облустарындагы жабыркаган ишкерлерге жардам көрсөтүү маселеси боюнча жеринде өткөн жыйында айтылганын Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Куралдуу кагылышуулардын натыйжасында, бузулган жана талкаланган аймактарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын чечимине ылайык, 1 млн сомго чейин жана 5 млн сомго чейин кредиттер берилет.

5 млн сомго чейин чыгашага учураган ишкерлер жылдык 1% үстөк менен 5 млн сомго чейин насыяларды ала алышат. 5 млн сомдон аз зыян тарткан ишкерлерге 1 млн сомго чейин насыя берилет.

Кредит үч жылдын ичинде квартал сайын төлөнөт. Кредиттер күрөө менен гана берилет.

Карыздын негизги суммасын төлөөдө жана негизги сумма боюнча чегерилген пайыздык чен боюнча жеңилдетилген мезгил 1 жылды түзөт. Финансылык санкциялар мөөнөтү өтүп кеткен карыздын суммасынан алынат, жылына 2% өлчөмүндө аныкталат.

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу Ломоносов мектебинин жаңы имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө

Оштогу Ломоносов мектебинин жаңы имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Ош шаарындагы М.В. Ломоносов атындагы мектептин ордуна 750 орундуу заманбап жаңы мектеп курулуп жатат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде ишке ашырылып жаткан долбоордун курулушу үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган. Учурда төрт кабаттуу имараттын

Бишкек – Ош багыты боюнча ылдам поезд жүргүзүү пландалууда

Бишкек – Ош багыты боюнча ылдам поезд жүргүзүү пландалууда

Келечекте Бишкек менен Оштун ортосунда 6-8 саатта жете турган ылдам жүрүүчү поездди ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев билдирди. Анын айтымында, жаңы темир жол Бишкек – Ош жана Түндүк – Түштүк алтернативдик жолдорундагы транспорт агымын азайтып, күйүүчү май жана башка жүктөрдү темир

Балыкчы – Кочкор темир жолунун 1 чакырымынын баасы 955 миң долларды түздү

Балыкчы – Кочкор темир жолунун 1 чакырымынын баасы 955 миң долларды түздү

Балыкчы – Кочкор темир жолу чет элдик инвесторлор сунуштаган баадан дээрлик 5-8 эсе арзанга курулду. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев билдирди. Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруунун алгачкы этабында чет элдик инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Бирок алар темир жолдун бир чакырымын куруу үчүн

Омар Султанов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды

Омар Султанов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды

Омар Султанов Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси, Женева шаарындагы БУУдагы жана эл аралык башка уюмдардагы өлкөнүн туруктуу өкүлү кызмат ордунан бошотулду. Президенттин тескемесине ылайык, Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы элчиси болуп дайындалды. 60 жаштагы Омар Султанов — Жогорку Кеңештинмурдагы төрагасы Марат Султановдун бир тууганы. Мурда Кыргызстандын Германиядагы элчиси, Тышкы иштер министринин биринчи