Бишкектеги таштанды жайдагы түтүндөн арылууга 22 млн сом бөлүнөт
Бишкектин таштанды таштоочу жайындагы түтүн менен күрөшүүгө шаардык бюджеттен 22 млн сом бөлүнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.
Абдыкадыровдун айтымында, бул каражатка таштанды таштоочу жайдын айланасына бетон плиталары орнотулат. Бул анын аймагын жакынкы турак жай массивдеринин жашоочуларынан тосууга мүмкүндүк берет.
«Ошондой эле ал жерге камералар орнотулуп, ташылып келген таштандылардын жүк жазуусу жүргүзүлөт», – деди Абдыкадыров.
Шаар башчысы таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушун баштоодон мурда түтүн маселесин чечүү керектигин белгиледи. Буга чейин Economist.kg мэрия бул заводду куруу боюнча чет элдик компаниялардын эки сунушун карап жатканын жана анын курулуш мөөнөтү дагы жылдырылганын кабарлаган болчу.