Садыр Жапаров Ошто “Эл Пласт” ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Садыр Жапаров Ошто “Эл Пласт” ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында полимер түтүктөрүн өндүрүүчү "Эл Пласт" ишканасына барды. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишкананын жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу 15 миң тоннага чейин жетет. Негизги керектөөчүлөр катары "Таза суу" долбоорунун алкагындагы объектилер, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык түзүмдөр жана эл аралык уюмдар саналат.

Өндүрүштө Россиядан, Ирандан жана Кытайдан импорттолгон полиэтилен гранулалары колдонулат. Ишканада суу түтүктөрү жана канализация системалары үчүн продукциянын кеңири түрүн чыгарууга мүмкүндүк берген заманбап жабдуулар орнотулган.

Белгиленгендей, 2025-жылдын январынан 2026-жылдын январь айына чейин ишканада 900 млн сомдон ашык продукция өндүрүлүп, сатылган, ошондой эле 100 млн сомго жакын салык төлөнгөн.

Мамлекет башчысы өндүрүш процесси менен таанышып, ишкананын ишмердүүлүгү жана өнүгүү келечеги тууралуу маалымат алды. Ал ата мекендик өнөр жайды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ички рынокту сапаттуу продукция менен камсыз кылууга багытталган демилгелерди колдоонун зарылдыгын айтты.

Мындан тышкары окуңуз

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу