Кочкордо 395 млн сомго жаңы автобекет курулуп жатат

Кочкордо 395 млн сомго жаңы автобекет курулуп жатат

Кочкор районунда жаңы автобекеттин курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, анын тендердик баасы 395 миллион сомду түзөт.

Курулуш иштери 2025-жылдын февраль айында башталып, учурда объекттин даярдыгы 45%га жетти.

Долбоорго ылайык, автобекеттин жалпы аянты 14 469 чарчы метрди түзүп, эки кабаттуу имаратты камтыйт. Мындан тышкары, транспорттук техникалык тейлөө жайы, унаа токтотуучу аянт жана аймакты көрктөндүрүү иштери да каралган.

Белгиленгендей, курулуш-монтаждоо иштеринин ар бир этабы текшерүүдөн өткөрүлүп, иштин жүрүшү Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Электрондук аудит системасы текшерүү мөөнөтүн эки жумадан үч күнгө чейин кыскартты

Электрондук аудит системасы текшерүү мөөнөтүн эки жумадан үч күнгө чейин кыскартты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Финансы министрлиги тарабынан иштелип чыккан жаңы электрондук аудит системасынын иши менен таанышты. Санариптик платформа мамлекеттик башкаруу системасын бюрократиядан арылтуу программасынын алкагында ишке киргизилген. Финансы министри Руслан Суйналиев маалымдагандай, IT-платформа 2026-жылдын 1-апрелинен баштап, бюджеттик уюмдарга карата 32 аудит жүргүзүлүп, анын 25и толук аяктады. Текшерүүлөрдүн

Россияга экспорттоодо жаңы СПОТ системасы 1-июндан тарта күчүнө кирет

Россияга экспорттоодо жаңы СПОТ системасы 1-июндан тарта күчүнө кирет

Экономика жана коммерция министрлигинде бизнес-коомчулуктун жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн өкүлдөрү менен жумушчу кеңешме өттү. Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушуунун негизги темасы Россия Федерациясында товарларды жеткирүүнү күтүүнү тастыктоо системасынын (СПОТ) ишке киргизилиши болду. Система 2026-жылдын 1-июнунан тарта толук кандуу режимде иштей баштайт. Кеңешменин жүрүшүндө бизнес өкүлдөрүнө СПОТ системасына байланыштуу экспортчулар үчүн коюлган

Кадамжай сурма комбинатынын техникалык абалы текшерилди

Кадамжай сурма комбинатынын техникалык абалы текшерилди

Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы тарабынан Баткен облусунун Кадамжай шаарындагы сурма комбинатынын имараттарына инженердик-техникалык текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүү "Кадамжай сурма комбинаты" ачык акционердик коомунун имараттарынын учурдагы сейсмикалык жана техникалык абалын

Садовое айылындагы мыйзамсыз курулушка 200 миң сом айып салынды

Садовое айылындагы мыйзамсыз курулушка 200 миң сом айып салынды

Москва районунун Садовое айылында курулуп жаткан таунхаустун тиешелүү архитектуралык-уруксат берүүчү документтери жок экени аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамдын талаптарын бузуу болуп эсептелет. Аталган мыйзам бузуу боюнча курулуш иштерин жүргүзүп жаткан тарапка кемчиликтерди четтетүү тууралуу жазуу