Кыргызстан экологияны жакшыртууга Дүйнөлүк банктан 50 млн доллар кредит алат

Кыргызстан экологияны жакшыртууга Дүйнөлүк банктан 50 млн доллар кредит алат

Финансы министрлиги Кыргызстан экологиялык көйгөйлөрдү чечүү максатында Дүйнөлүк банктан 50 млн доллар сурап жатканын билдирди.

Министрликтин берген маалыматына таянсак, КРдагы абанын сапатын жакшыртуу жана Бишкек шаарындагы турак жайларды жылытуу, ошондой эле жашылдандыруу максатында, экологиялык таза чечимдерди илгерилетүү боюнча потенциалын чыңдоо үчүн учурда Дүйнөлүк Банк менен Сапатты жакшыртуу долбооруна 50 млн доллар өлчөмүндө кредит алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Ошондой эле министрлик 2022-жылга КР Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлигине бюджеттик каражаттарды кошкондо 856.3 млн сом өлчөмүндө каражат каралганын кошумчалады. Анын ичинен:

  • бюджеттик каражаттар – 628.5 млн сом
  • атайын эсептеги каражаттар – 227.8 млн сом.

“Бюджеттик каражаттын 628.5 млн сомунун бүгүнкү күндө 72%ы бөлүнгөн, калганы ушул жылдын декабрь айынын аягына чейин каржыланат. Ошондой эле Жаратылышты өнүктүрүү фондуна 3.7 млн доллар (301.3 млн сом) өлчөмүндө каражат каралган. Муну менен катар 2022-жылга жана өткөн жылдардагы өздөштүрүлбөгөн каражаттардын калдыктары бар”, – дейт Финансы министрлиги.

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу Ломоносов мектебинин жаңы имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө

Оштогу Ломоносов мектебинин жаңы имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Ош шаарындагы М.В. Ломоносов атындагы мектептин ордуна 750 орундуу заманбап жаңы мектеп курулуп жатат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде ишке ашырылып жаткан долбоордун курулушу үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган. Учурда төрт кабаттуу имараттын

Бишкек – Ош багыты боюнча ылдам поезд жүргүзүү пландалууда

Бишкек – Ош багыты боюнча ылдам поезд жүргүзүү пландалууда

Келечекте Бишкек менен Оштун ортосунда 6-8 саатта жете турган ылдам жүрүүчү поездди ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев билдирди. Анын айтымында, жаңы темир жол Бишкек – Ош жана Түндүк – Түштүк алтернативдик жолдорундагы транспорт агымын азайтып, күйүүчү май жана башка жүктөрдү темир

Балыкчы – Кочкор темир жолунун 1 чакырымынын баасы 955 миң долларды түздү

Балыкчы – Кочкор темир жолунун 1 чакырымынын баасы 955 миң долларды түздү

Балыкчы – Кочкор темир жолу чет элдик инвесторлор сунуштаган баадан дээрлик 5-8 эсе арзанга курулду. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев билдирди. Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруунун алгачкы этабында чет элдик инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Бирок алар темир жолдун бир чакырымын куруу үчүн

Омар Султанов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды

Омар Султанов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды

Омар Султанов Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси, Женева шаарындагы БУУдагы жана эл аралык башка уюмдардагы өлкөнүн туруктуу өкүлү кызмат ордунан бошотулду. Президенттин тескемесине ылайык, Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы элчиси болуп дайындалды. 60 жаштагы Омар Султанов — Жогорку Кеңештинмурдагы төрагасы Марат Султановдун бир тууганы. Мурда Кыргызстандын Германиядагы элчиси, Тышкы иштер министринин биринчи