Кыргызстандын топоздору Азербайжанга жеткирилди

Кыргызстандын топоздору Азербайжанга жеткирилди

Кыргызстандан Азербайжанга 99 баш топоз жөнөтүлдү. Алардын базасында эт чарбасы түзүлөт. Бул тууралуу КР Айыл чарба министрлиги билдирди.

Азербайжанга асыл тукум топоздорду жөнөтүү боюнча макулдашуу КРнын президенти Садыр Жапаровдун Азербайжанга 2022-жылдын 19-20-апрелинде болгон расмий сапарынын алкагында сүйлөшүлгөн.

Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин колдоосунда “Сактан” айыл чарба кооперативи менен “Агросервис” акционердик коомунун ортосунда өткөн жылдын ноябрь айында топоздорду жеткирүү келишими түзүлгөн. Келишимдин суммасы — 115 миң доллар өлчөмүндө болгон.

Кыргызстандан топоздор 9-декабрда Азербайжанга авиатранспорт аркылуу жеткирилген. Азыр алар Азербайжандын Лачин районунда жайгаштырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Ишкердик субъектилерин текшерүүгө мораторий киргизүү жөнүндө жарлыкты ишке ашыруу талкууланды

Ишкердик субъектилерин текшерүүгө мораторий киргизүү жөнүндө жарлыкты ишке ашыруу талкууланды

КРнын Башкы прокуратурасы Кыргызстандын Электрондук коммерция ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, Президенттин ишкердик субъектилерин текшерүүгө мораторий киргизүү жөнүндө жарлыгынын жоболору жана аларды ишке ашыруу тартибин талкуулашты. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, иш чаранын жүрүшүндө ишкерлердин укуктарын коргоо багытында Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияда жана КРнын өнүктүрүүнүн улуттук программасында

МинКаб Бишкек мэриясына 95 автобус жана 42 атайын техника тапшырды

МинКаб Бишкек мэриясына 95 автобус жана 42 атайын техника тапшырды

МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек мэриясына 95 жаңы автобустун жана 42 даана атайын техниканын ачкычын тапшыруу аземине катышты. "Бүгүн биз Бишкек мэриясына 95 жаңы заманбап автобусту, ошондой эле 42 даана атайын техниканы тапшырып жатабыз. Бул коомдук транспортту жана шаардык кызматтарды жаңыртуудагы дагы бир маанилүү кадам. Ар бир транспорт каражаты

Жогорку Кеңештин эки депутаттык тобу спикерликке Марлен Маматалиевди көрсөтүштү

Жогорку Кеңештин эки депутаттык тобу спикерликке Марлен Маматалиевди көрсөтүштү

Жогорку Кеңештин “Элдик” жана “Ала-Тоо” депутаттык топтору парламент төрагасы кызматына талапкер катары депутат Марлен Маматалиевди көрсөткөнүн вице-спикер Чыңгыз Ажибаев парламент жыйында билдирди. Ал депутаттык топтордун чечимин тиешелүү комитетке өткөрүп берүүнү тапшырды.  44 жаштагы Марлен Маматалиев Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин Маалыматтык технологиялар факультетин аяктаган. Мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин уулу.

Европа парламенти Украинага 90 млрд евро пайызсыз насыя берүүнү жактырды

Европа парламенти Украинага 90 млрд евро пайызсыз насыя берүүнү жактырды

Европа парламенти Украинага 2026–2027-жылдарга 90 млрд евро өлчөмүндө насыя берүү чечимин жактырды. Бул чечимди 458 евродепутат колдоп, 140 депутат каршы добуш берди, деп билдирет AFP. Европарламенттеги добуш берүү насыяны бекитүүнүн акыркы этабы болду. Евробиримдиктин (ЕБ) өлкө лидерлери Украинага пайызсыз насыя берүү тууралуу 2025-жылдын декабрында макулдашкан. Насыя ЕБнин капитал рынокторунан