Жумуш берүүчүлөрдүн эсине: чет элдик кызматкерлердин STI-161 формасына өзгөртүүлөр киргизилди

Жумуш берүүчүлөрдүн эсине: чет элдик кызматкерлердин STI-161 формасына өзгөртүүлөр киргизилди

Чет элдик жумушчулар бөлүгүндө STI-161 формасын толтуруу боюнча жардамчыга өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

2022-жылдын ноябрынан тартып жумуш берүүчүлөр КРнын жарандары менен катар чет өлкөлүк жумушчулар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөй баштагандыгына байланыштуу, киреше салыгы, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары жана эмгек мамилелери боюнча отчеттун (FORM STI-161) формасын толтуруу боюнча жардамчыга өзгөртүүлөр киргизилди.

STI-161 формасын толтуруу боюнча жардамчынын тиркемеси жумушчулардын жаңы категориялары менен толукталды:

  • 011 – чет өлкөлүк жаран (резидент эмес)
  • 011 64/69 – чет өлкөлүк жаран (резидент эмес)
  • 012 – чет өлкөлүк жаран КТП (резидент эмес)
  • 012 64/69 – чет өлкөлүк жаран КТП (резидент эмес).

Башка мамлекеттердин пенсионерлери болуп эсептелген чет өлкөлүк жарандар-резидент эместер боюнча отчетту түзүүдө киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жумушчулардын 011 64/69 – резидент эместер (чет өлкөлүк жарандар) же 012 64/69 КТП категориялары боюнча жүзөгө ашырылууга тийиш.

Жумушчулардын жаңы категорияларын колдонуу менен STI-161 отчетун түзүү 2022-жылдын ноябрынан берки отчеттук мезгил үчүн ишке ашырылат.

Мында салык төлөөчүлөр тарабынан жумушчулардын эски категориялары боюнча мурда берилген 2022-жылдын ноябрь айы үчүн отчеттор такталууга тийиш (такталган отчетторду тапшыруу зарыл), анткени алардын баары Социалдык фонддун автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу четке кагылат.

Эскертүү: 2022-жылдын ноябрынан берки мезгил үчүн STI-161 формасын толтуруу боюнча жардамчыга 1С же башка ушул сыяктуу программаларда түзүлгөн XML отчетторду жүктөө мүмкүн эмес, анткени аларда жумушчулардын жаңы категориялары жок.

2022-жылдын ноябрына чейинки мезгилдер үчүн жумушчулардын эски категориялары менен баштапкы же такталган отчетторду берүүгө болот.

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу Ломоносов мектебинин жаңы имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө

Оштогу Ломоносов мектебинин жаңы имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Ош шаарындагы М.В. Ломоносов атындагы мектептин ордуна 750 орундуу заманбап жаңы мектеп курулуп жатат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде ишке ашырылып жаткан долбоордун курулушу үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган. Учурда төрт кабаттуу имараттын

Бишкек – Ош багыты боюнча ылдам поезд жүргүзүү пландалууда

Бишкек – Ош багыты боюнча ылдам поезд жүргүзүү пландалууда

Келечекте Бишкек менен Оштун ортосунда 6-8 саатта жете турган ылдам жүрүүчү поездди ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев билдирди. Анын айтымында, жаңы темир жол Бишкек – Ош жана Түндүк – Түштүк алтернативдик жолдорундагы транспорт агымын азайтып, күйүүчү май жана башка жүктөрдү темир

Балыкчы – Кочкор темир жолунун 1 чакырымынын баасы 955 миң долларды түздү

Балыкчы – Кочкор темир жолунун 1 чакырымынын баасы 955 миң долларды түздү

Балыкчы – Кочкор темир жолу чет элдик инвесторлор сунуштаган баадан дээрлик 5-8 эсе арзанга курулду. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев билдирди. Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруунун алгачкы этабында чет элдик инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Бирок алар темир жолдун бир чакырымын куруу үчүн

Омар Султанов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды

Омар Султанов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды

Омар Султанов Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси, Женева шаарындагы БУУдагы жана эл аралык башка уюмдардагы өлкөнүн туруктуу өкүлү кызмат ордунан бошотулду. Президенттин тескемесине ылайык, Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы элчиси болуп дайындалды. 60 жаштагы Омар Султанов — Жогорку Кеңештинмурдагы төрагасы Марат Султановдун бир тууганы. Мурда Кыргызстандын Германиядагы элчиси, Тышкы иштер министринин биринчи