Энергосистема керектөөлөргө туруштук бере албай жатат - маал-маалы менен свет өчөт

Энергосистема керектөөлөргө туруштук бере албай жатат - маал-маалы менен свет өчөт

Электр тармактар ишканалары мүмкүн болгон кыска мөөнөттүү өчүрүүлөр тууралуу абоненттерге маалымат берет.  Бул тууралуу “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКтын маалымат кызматы кабарлады.

Мекеме катуу сууктан улам электр энергиясын керектөө бир кыйла жогорулаганын айтат.

“Буга байланыштуу электр жабдууларга күч келүүдө. Учурда өлкө аймагында жабдууларды сактап калуу максатында жана алардын зыян тартуусун алдын алуу үчүн электр керектөө кубаттуулугун азайтуу иш чаралары көрүлүүдө.

Буга чейин кайсы аймакта, кайсы убакта керектөө көп болорун айтуу мүмкүн эмес болчу. Акыркы бир нече күндөгү ашыкча жүктөмдөр менен байланышкан өчүрүүлөрдү талдап чыккандан кийин, мүмкүн болгон кыска мөөнөттүү өчүрүүлөр күтүлүп жатканын аныктоого болот. Буга байланыштуу аймактык Электр тармактар ишканалары мүмкүн болгон кыска мөөнөттүү өчүрүүлөр тууралуу абоненттерди маалымдайт“, – деп билдиришти ишканадан.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК керектөөчүлөрдү бир убакта бир нече тиричилик техникасын күйгүзбөөгө жана электр энергиясына аяр мамиле кылууга чакырат.


Токтогулда күн сайын суунун деңгээли 60 млн куб метрге төмөндөөдө — энергосистема болгон кубаттуулукта иштеп жатат

КР энергетика секторуна Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 50 млн доллар кредит алат — 38 жыл төлөйт

2022-жылы Кыргызстан электр энергиясын 2.5 эсеге көп импорттоду

Мындан тышкары окуңуз

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Россиянын Самара облусундагы Новосемейкино кыштагында жайгашкан Wildberries компаниясынын логистикалык борборуна бүгүн эртең менен учкучсуз учактар чабуул жасап, анын кесепетинен кампада өрт чыкты. РИА Новостинин маалыматына карагада, окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев да кампанын украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын,

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде ишмердүүлүк жасап жаткан 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары бар. Алардын бири мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан - 13 млн 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-июлунда бир коммерциялык банкка ички

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери Бишкек–Стамбул каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин эки фактысын аныкташты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, биринчи учурда Кыргызстандын жаранынын уюлдук телефонун текшерүүдө аккумулятордун артына катылган жалпы салмагы 38,88 грамм болгон 999,9 үлгүдөгү 12 даана алтын

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын