Улуттук банк коммерциялык банктардын жетекчилери менен жыйын өткөрдү

Улуттук банк коммерциялык банктардын жетекчилери менен жыйын өткөрдү

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Манас Жакыпов кечээ, 17-январда коммерциялык банктардын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу башкы банктын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөнүн валюта рыногундагы учурдагы абалы, ошондой эле минкабдын 2023-жылдын 13-январындагы токтому менен киргизилген, накталай АКШ долларын КРдан алып чыгууга убактылуу тыюу салууга байланыштуу маселелер талкууланган.

“Улуттук банктын жетекчилиги кардарларды банктык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу, калктын керектөөсүн канааттандыруу үчүн накталай чет өлкө валютасын жетиштүү көлөмдө камсыз кылуу жана аралыктан банктык тейлөө системасы аркылуу коммерциялык банктар тарабынан накталай эмес төлөмдөрдү камсыз кылуу зарылдыгына басым жасады”, – деди регулятордун маалымат кызматы.


Зарыл болгон маалыматтарды/консультацияларды ыкчам алуу үчүн жарандар Улуттук банктын коомдук кабылдамасына 0 312 61 04 86 телефону, WhatsApp-каналына 0501 89 00 00 телефон номери, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укугун коргоо маселелери боюнча 0312 61 45 78 жана 0555 85 57 48, 0770 73 73 49 уюлдук телефон номерлери аркылуу кайрылышса болот.


Улуттук банк быйыл дээрлик жарым млрд доллар ички валюта рыногуна чыгарды — бирок баары бир доллар дефицит

Кыргызстандан накталай чет өлкө валютасын алып чыгууга убактылуу тыюу салынат

Улуттук банк быйылкы жылы биринчи интервенциясын жүргүзүп, дароо 104 млн доллар сатты

Которулган акчанын комиссиясын жөнөтүүчү адам гана төлөйт — Улуттук банк

Мындан тышкары окуңуз

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Россиянын Самара облусундагы Новосемейкино кыштагында жайгашкан Wildberries компаниясынын логистикалык борборуна бүгүн эртең менен учкучсуз учактар чабуул жасап, анын кесепетинен кампада өрт чыкты. РИА Новостинин маалыматына карагада, окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев да кампанын украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын,

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде ишмердүүлүк жасап жаткан 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары бар. Алардын бири мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан - 13 млн 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-июлунда бир коммерциялык банкка ички

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери Бишкек–Стамбул каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин эки фактысын аныкташты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, биринчи учурда Кыргызстандын жаранынын уюлдук телефонун текшерүүдө аккумулятордун артына катылган жалпы салмагы 38,88 грамм болгон 999,9 үлгүдөгү 12 даана алтын

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын