23 акча алмаштыруу жайы өткөн жылы Улуттук банкка жалпысынан 1.2 млн сом айып пул төлөштү

23 акча алмаштыруу жайы өткөн жылы Улуттук банкка жалпысынан 1.2 млн сом айып пул төлөштү

Улуттук банк 2022-жылы ченемдик укуктук актыларды бузууга жол бергендиги үчүн 23 алмашуу бюросуна 55 миң сомдон (жалпы суммасы 1 млн 265 миң сомду түзөт) айып пул салды. Бул тууралуу регулятордун маалымат кызматы билдирди.

2022-жылдын ичинде 135 алмашуу бюросуна текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузууга жол бергендиги жана талаптарын аткарбагандыгы үчүн, алмашуу бюролоруна 270 жазма буйрук жөнөтүлгөн, 48 алмашуу бюросунун лицензиясынын аракети убактылуу токтотулган жана 6 алмашуу бюросунун лицензиясы алынган.

Ошону менен бирге, Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок чет өлкө валюталарын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн жактарга, укук коргоо органдары менен биргеликте 63 текшерүү жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында, 48 жеке адамга 17.5 миң сомдон (жалпы суммасы 840 миң сом) айып пул салынган.

Белгилей кетсек, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, чет өлкө валютасын маалымат тактасында көрсөтүлбөгөн курс боюнча сатууга жана сатып алууга тыюу салынат. Чет өлкө валютасы болгон шартта, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, валюта рыногунун катышуучулары чет өлкө валютасын чектөөсүз сатууга милдеттүү.

Мындан тышкары окуңуз

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Россиянын Самара облусундагы Новосемейкино кыштагында жайгашкан Wildberries компаниясынын логистикалык борборуна бүгүн эртең менен учкучсуз учактар чабуул жасап, анын кесепетинен кампада өрт чыкты. РИА Новостинин маалыматына карагада, окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев да кампанын украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын,

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде ишмердүүлүк жасап жаткан 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары бар. Алардын бири мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан - 13 млн 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-июлунда бир коммерциялык банкка ички

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери Бишкек–Стамбул каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин эки фактысын аныкташты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, биринчи учурда Кыргызстандын жаранынын уюлдук телефонун текшерүүдө аккумулятордун артына катылган жалпы салмагы 38,88 грамм болгон 999,9 үлгүдөгү 12 даана алтын

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын