«Кыргызалтындын» жаңы төрагасы ким болору болжолдуу билинди

«Кыргызалтындын» жаңы төрагасы ким болору болжолдуу билинди

«Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы Элдияр Султанов кызматтан кетүү боюнча арызын жазган. Анын ордуна директорлор кеңешинин мүчөсү Кубат Абдраимов дайындалышы мүмкүн. Бул тууралуу Economist.kg басылмасына өздүк булактар ​​билдирди.

Султанов кызматтан кетүү тууралуу маалыматты жеке өзү тастыктады. Бирок азырынча эч нерсе белгисиз экенин, кечке чейин расмий билдирүү болоорун белгиледи.

Эске салсак, Султанов “Кыргызалтындын” жетекчиси болуп 2022-жылдын сентябрында дайындалган. Буга чейин ал “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасын жетектеп келген.

Белгилей кетсек, Султановго чейин өткөн жылдын сентябрь айында «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы Жарасул Абдураимов, ошондой эле төраганын орун басарлары Амантур ТурсуниязовЖеңиш Сейдалиев жана Данияр Конокбаев бир убакытта кызматтан кетишкен жана анын себеби айтылган эмес.


Тогуз айда «Кыргызалтындын» таза кирешеси 38 млрд сомго жетти

Мындан тышкары окуңуз

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Россиянын Самара облусундагы Новосемейкино кыштагында жайгашкан Wildberries компаниясынын логистикалык борборуна бүгүн эртең менен учкучсуз учактар чабуул жасап, анын кесепетинен кампада өрт чыкты. РИА Новостинин маалыматына карагада, окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев да кампанын украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын,

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде ишмердүүлүк жасап жаткан 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары бар. Алардын бири мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан - 13 млн 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-июлунда бир коммерциялык банкка ички

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери Бишкек–Стамбул каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин эки фактысын аныкташты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, биринчи учурда Кыргызстандын жаранынын уюлдук телефонун текшерүүдө аккумулятордун артына катылган жалпы салмагы 38,88 грамм болгон 999,9 үлгүдөгү 12 даана алтын

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын