Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун координациялоо боюнча кеңсе ачылат - КРга Өзбекстандан делегация келди

Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун координациялоо боюнча кеңсе ачылат - КРга Өзбекстандан делегация келди

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун координациялоо боюнча биргелешкен Долбоордук кеңсенин ачылышына катышуу үчүн Өзбекстандын Транспорт министрлиги менен «Өзбекстан темир жолдору» АКнын өкүлдөрү Кыргызстанга келишти. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолунун” маалымат кызматы билдирди.

Кеңсенин максаты – долбоордун практикалык ишке ашырылышын тездетүү боюнча биргелешкен чараларды координациялоо болуп саналат.

Бүгүнкү күндө «Кыргыз темир жолу» УК» МИ жана «Өзбекстан темир жолдору» АКсы тарабынан Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу боюнча бардык зарыл болгон алдын ала иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Кытай темир жол курулуш корпорациясынын биринчи долбоорлоо-изилдөө институту аталган долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуунун үстүндө иштеп жатат.

Белгилүү болгондой, 2022-жылдын 14-сентябрында Өзбекстандын Транспорт министрлиги, КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана КЭРдин Өнүктүрүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитети Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоору боюнча үч тараптуу өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу Меморандумуна кол коюшкан.


Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу боюнча ТЭН 2023-жылдын 1-июнуна чейин бүтүш керек

«Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолун курууга 3 млрд доллардан 5 млрд долларга чейин каражат керек болот

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу курулса, КР жылына 200 млн доллар пайда көрмөк. Бирок эмнеге 30 жылдан бери курулбай келет?

Кытай эксперттери КРга келишти — Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу боюнча аймакты изилдешет

Мындан тышкары окуңуз

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Россиянын Самара облусундагы Новосемейкино кыштагында жайгашкан Wildberries компаниясынын логистикалык борборуна бүгүн эртең менен учкучсуз учактар чабуул жасап, анын кесепетинен кампада өрт чыкты. РИА Новостинин маалыматына карагада, окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев да кампанын украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын,

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде ишмердүүлүк жасап жаткан 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары бар. Алардын бири мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан - 13 млн 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-июлунда бир коммерциялык банкка ички

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери Бишкек–Стамбул каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин эки фактысын аныкташты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, биринчи учурда Кыргызстандын жаранынын уюлдук телефонун текшерүүдө аккумулятордун артына катылган жалпы салмагы 38,88 грамм болгон 999,9 үлгүдөгү 12 даана алтын

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын