Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда - бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат

Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда - бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат

Казак дипломаттары Казакстандын жарандарына Шенген аймагына кирген өлкөлөргө визасыз режимде кирүү мүмкүнчүлүгү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын Tengrinews.kz билдирди.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияровдун айтымында, Европа өлкөлөрү менен визасыз режим боюнча сүйлөшүүлөр көптөн бери жүрүп келет.

“Учурда Шенген зонасы боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Евробиримдиктин өлкөлөрүнүн макулдугу керек. Бизде бир тараптуу визасыз режим бар (Казакстанга Шенген аймагынан келген өлкөлөрдүн жарандары үчүн). Бул зона бизге визасыз болушу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз», – деген Смадияров.

Казакстандын ТИМи ошондой эле Латын Америка өлкөлөрү казакстандыктарга визасыз режимди берүүгө кызыкдар экенин, себеби бул өлкөлөргө Казакстандан келген туристтердин саны көбөйгөнүн да кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Жол кыймылынын эрежелерин так сактоо талабы эскертилүүдө

Жол кыймылынын эрежелерин так сактоо талабы эскертилүүдө

Милициянын кайгуул-күзөт кызмат полкунун кызматкерлери Бишкек шаарында жеке жүрүү каражаттарын пайдалануучулар арасында алдын алуу иш-чараларды өткөрүүдө. Ага ылайык, Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери борбор калаанын аймагында электр чыгырыгы, велосипед, мотоцикл жана башка ушул сыяктуу жеке жүрүү каражаттарын пайдаланган жарандар арасында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө. Бишкек шаардык ИИББнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык,

Кыргызстан Венгрияга эт экспорттоого кызыкдар экенин билдирди

Кыргызстан Венгрияга эт экспорттоого кызыкдар экенин билдирди

Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунун (WOAH) Делегаттарынын Ассамблеясынын 93-Башкы сессиясынын алкагында Кыргызстандын жана Венгриянын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Жолугушууга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев жана Венгриянын Айыл чарба министрлигинин өкүлү Саболч Пастор катышты. Тараптар

Кыргызстанда 232 мал чарба субъектине асыл тукум макамы ыйгарылды

Кыргызстанда 232 мал чарба субъектине асыл тукум макамы ыйгарылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин 2026-жылдын 7-апрелиндеги буйругунун негизинде өлкө боюнча 232 мал чарба субъектине асыл тукум макамы ыйгарылды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Анын ичинде 97 кой чарбасы, 5 эчки чарбасы, 84 ири мүйүздүү мал чарбасы, 40 жылкы чарбасы, 3 топоз чарбасы, 4 канаттуулар чарбасы

Бишкек мэриясы 624 автобус сатып алууну пландоодо

Бишкек мэриясы 624 автобус сатып алууну пландоодо

"Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиадолбоорунун алкагында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте борбор калаада сыноодон өтүп жаткан Higer үлгүсүндөгү электробусту текшерип көрдү. “Бүгүнкү күндө биз төрт компаниянын Higer, Geely, Yutong жана Zhongtong өндүрүшүнөн чыккан электробустарды сынап жатабыз. Бизге узундугу 8 жана 8,7