Ысык-Көлдө абаны булгаган айдоочуларга айып пул салынды

Ысык-Көлдө абаны булгаган айдоочуларга айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда унаалардан чыккан зыяндуу заттардын көлөмүн текшерүү жана атмосфералык абанын булганышын алдын алуу максатында рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги кабарлады.

Маалымдалгандай, иш-чараны министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү менен биргеликте уюштурду.

Рейд учурунда автотранспорт каражаттарынан атмосферага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттарга байланыштуу экологиялык талаптардын сакталышы текшерилди. Анын жыйынтыгында аныкталган мыйзам бузуулар боюнча жалпы суммасы 15 миң сомду түзгөн административдик протоколдор түзүлдү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги мындай көзөмөл иш-чаралары мындан ары да улантыларын билдирди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ошто 6 млн сомду мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы аныкталды

Фермерлерге берилип жаткан насыянын калган пайызын мамлекет төлөп жатат

Кыргызстанда инвестициялар 62,9%га өсүп, 422,9 млрд сомго жетти

Сахароводогу убактылуу кармоочу борбордо 189 кыргыз жараны бар

Кыргызстанда курьер-аялдарды колдоо программасы иштей баштады