Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат - Энергетика министри

Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат - Энергетика министри

24-январда энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин отурумунда Улуттук энергохолдингдин жоюла тургандыгын билдирди.

Министрдин айтымында, энергетика тармагында эки мекеменин болушу кошумча чыгымдарды алып келет. Ушул себептен Улуттук энергохолдингди жоюу маселеси каралууда.

«Күз-кыш мезгилинен кийин жоюу маселеси каралып жатат. Энергетика министрлиги гана калат», – деди Ибраев.

Эске салсак, Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы 2016-жылы бардык энергетикалык компаниялардын акцияларынын контролдук пакетине (80.49%) ээлик кылган башкаруучу компания катары түзүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Жол кыймылынын эрежелерин так сактоо талабы эскертилүүдө

Жол кыймылынын эрежелерин так сактоо талабы эскертилүүдө

Милициянын кайгуул-күзөт кызмат полкунун кызматкерлери Бишкек шаарында жеке жүрүү каражаттарын пайдалануучулар арасында алдын алуу иш-чараларды өткөрүүдө. Ага ылайык, Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери борбор калаанын аймагында электр чыгырыгы, велосипед, мотоцикл жана башка ушул сыяктуу жеке жүрүү каражаттарын пайдаланган жарандар арасында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө. Бишкек шаардык ИИББнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык,

Кыргызстан Венгрияга эт экспорттоого кызыкдар экенин билдирди

Кыргызстан Венгрияга эт экспорттоого кызыкдар экенин билдирди

Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунун (WOAH) Делегаттарынын Ассамблеясынын 93-Башкы сессиясынын алкагында Кыргызстандын жана Венгриянын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Жолугушууга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев жана Венгриянын Айыл чарба министрлигинин өкүлү Саболч Пастор катышты. Тараптар

Кыргызстанда 232 мал чарба субъектине асыл тукум макамы ыйгарылды

Кыргызстанда 232 мал чарба субъектине асыл тукум макамы ыйгарылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин 2026-жылдын 7-апрелиндеги буйругунун негизинде өлкө боюнча 232 мал чарба субъектине асыл тукум макамы ыйгарылды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Анын ичинде 97 кой чарбасы, 5 эчки чарбасы, 84 ири мүйүздүү мал чарбасы, 40 жылкы чарбасы, 3 топоз чарбасы, 4 канаттуулар чарбасы

Бишкек мэриясы 624 автобус сатып алууну пландоодо

Бишкек мэриясы 624 автобус сатып алууну пландоодо

"Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиадолбоорунун алкагында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте борбор калаада сыноодон өтүп жаткан Higer үлгүсүндөгү электробусту текшерип көрдү. “Бүгүнкү күндө биз төрт компаниянын Higer, Geely, Yutong жана Zhongtong өндүрүшүнөн чыккан электробустарды сынап жатабыз. Бизге узундугу 8 жана 8,7