КР өткөн жылы ЕАЭБдеги өлкөлөргө 20 млрд сом бажы төлөмдөрүн которду

КР өткөн жылы ЕАЭБдеги өлкөлөргө 20 млрд сом бажы төлөмдөрүн которду

КР Евразия экономикалык биримдигине кошулган учурдан тартып, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан башка мүчө мамлекеттерге алардын бөлүштүрүү үлүшүнө ылайык, Биримдикке мүчө мамлекеттерден алып келгенден көбүрөөк ташып келүү бажы алымдарынын суммасын которду. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

2022-жылы Кыргызстан ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттерге 20 млрд 116.9 млн сом өлчөмүндө ташып келүү бажы төлөмдөрүн которсо, өлкө бюджетине мүчө мамлекеттерден 16 млрд 248.2 млн сом түшкөн.

КР тарабынан алынуучу бажы алымдарынын көлөмүнүн өсүшүнө биринчи кезекте бажы кызматы тарабынан бажы төлөмдөрүн башкарууну жакшыртуу жана өнөктөш өлкөлөр менен соода жүгүртүүнүн көлөмүнүн өсүшү таасир эткен. 

Эскерте кетсек, мурда КР: 

  • 2015-жылы ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге 2 млрд 962.8 млн сом которуп, 3 млрд 522 млн сом түшкөн (октябрь – декабрь)
  • 2016-жылы ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге 11 млрд 967.9 млн сом которуп, 13 млрд 094.6 млн сом түшкөн
  • 2017-жылы ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге 12 млрд 329.1 млн сом которуп, 15 млрд 358.5 млн сом түшкөн
  • 2018-жылы ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге 15 млрд 324.9 млн сом которуп, 16 млрд 169.8 млн сом түшкөн
  • 2019-жылы ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге 11 млрд 249.9 млн сом которуп, 17 млрд 106.9 млн сом түшкөн
  • 2020-жылы ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге 6 млрд 042.5 млн сом которуп, 16 млрд 840.2 млн сом түшкөн
  • 2021-жылы ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге 13 млрд 024.4 млн сом которуп, 22 млрд 077.0 млн сом түшкөн.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан Венгрияга эт экспорттоого кызыкдар экенин билдирди

Кыргызстан Венгрияга эт экспорттоого кызыкдар экенин билдирди

Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунун (WOAH) Делегаттарынын Ассамблеясынын 93-Башкы сессиясынын алкагында Кыргызстандын жана Венгриянын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Жолугушууга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев жана Венгриянын Айыл чарба министрлигинин өкүлү Саболч Пастор катышты. Тараптар

Кыргызстанда 232 мал чарба субъектине асыл тукум макамы ыйгарылды

Кыргызстанда 232 мал чарба субъектине асыл тукум макамы ыйгарылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин 2026-жылдын 7-апрелиндеги буйругунун негизинде өлкө боюнча 232 мал чарба субъектине асыл тукум макамы ыйгарылды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Анын ичинде 97 кой чарбасы, 5 эчки чарбасы, 84 ири мүйүздүү мал чарбасы, 40 жылкы чарбасы, 3 топоз чарбасы, 4 канаттуулар чарбасы

Бишкек мэриясы 624 автобус сатып алууну пландоодо

Бишкек мэриясы 624 автобус сатып алууну пландоодо

"Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиадолбоорунун алкагында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте борбор калаада сыноодон өтүп жаткан Higer үлгүсүндөгү электробусту текшерип көрдү. “Бүгүнкү күндө биз төрт компаниянын Higer, Geely, Yutong жана Zhongtong өндүрүшүнөн чыккан электробустарды сынап жатабыз. Бизге узундугу 8 жана 8,7

Баткенде бассейни бар 1200 орундуу мектеп салынууда

Баткенде бассейни бар 1200 орундуу мектеп салынууда

Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында 1200 орундуу жаңы мектептин курулушу расмий башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Иш-чарага облус башчысы Мамыржан Рахимов, Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү жана башка расмий коноктор катышты. Маалыматка ылайык, мектеп заманбап окуу кабинеттер, лабораториялар, спорт зал, ашкана жана бассейн менен камсыздалат. Билим берүү